Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:22

10:47 Араб Эмираттарына кыз-келиндерди алдап сатууга кыныккан эки аял кармалды


Милиция мындан бир бир нече жыл мурда жоголуп кеткен кызды сатып жиберген деген шек менен эки аял кармалганын билдирүүдө. ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча 2004-жылы Кайыңды айылынан 20 жаштагы Д. Гузаирова дайынсыз жоголуп кеткен. Көрсө, азыр белгилүү болгон фактыларга караганда, Д. Гузаированы алысырак тааныштары ишке орноштурабыз деп жасалма паспорт менен Дубай шаарына алып барып, кылмыштуу чөйрөлөргө сегиз миң долларга сатып жиберишкен экен. Бөтөн жерде шордуу Д. Гузаирова сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган. Азыркы учурда Кайыңды айылынын жашоочулары, мурда соттолгон 36 жаштагы Л. Шадура жана 26 жаштагы О. Ким бул кылмышка катышкан деген шек менен милиция тарабынан кармалып, тергөө башталды. (KCh)

XS
SM
MD
LG