Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 04:31

15:00 “Атамекен”: Орто Азияда демократия коркунучта


“Атамекен” социалисттик партиясынын бүгүнкү билдирүүсүндө Орто Азияда бийликти бир колго өткөрүү кадыресе көрүнүшкө айланып, демократиялык баалуулуктар кагазда жазылган бойдон калуусу айтылат. Казакстандагы жакында өткөн парламенттик шайлоого баа берилип, коңшу өлкөдө катаал авторитардык режим орноп, саясий оппозицияны ар кандай жол менен кысымга алуу уланып жатканы белгиленген. Ошондой эле Өзбекстандагы оппозицияны бийлик айоосуз кысымга алуусу, Түркмөнстандагы экс-түркмөн башы Сапармурат Ниязовдун идеологиялык машинасы дагы эле өкүм сүрүп турганы, Тажикстандагы жаңыдан түзүлгөн “Ватандор” оппозициялык бирикмесине да бийликтин көз карашынын түз эместиги билдирүүдө камтылган. “Атамекен” партиясы Орто Азияда демократия жана эркиндикке олуттуу коркунуч туулду деген баасын берген. (AJ)

XS
SM
MD
LG