Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:33

БАШ ПРОКУРОР : АКСЫ ОКУЯСЫНДА КУРМАНБЕК БАКИЕВДИН КҮНӨӨСҮ ЖОК


Аманбек Жапаров,Бишкек “Лица” гезитинин бүгүнкү санына Аксы окуясына байланыштуу буга чейин жашыруун делип келген - ошол кездеги премьер-министр Курманбек Бакиевдин кол койгон “Тайфун” операциясы боюнча документ жарыяланды. Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев буга байланыштуу бүгүн эле шашылыш түрдө маалымат жыйынын өткөрүп, “Тайфун” операциясы эч кандай жаап-жашырылбай турган иш-чара, ал эми Курманбек Бакиевдин Аксы каргашасында моралдык да, юридикалык да жактан күнөөсү жок деп билдирди. Укук коргоочу Азиза Абдырасулова болсо Аксы окуясында бийлик бейкүнөө адамдарды аттырып алып, анан аны документтештирүүгө аракет кылган деп эсептейт.

«Лица» гезитине басылган ошол кездеги премьер-министр Курманбек Бакиев «Тайфун» операциясын Аксыга колдонуу тууралуу токтомго 2002-жылдын 17-мартында саат 21де кол коюптур. Өкмөттүн ошол кеңешмесине мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, экс-вице-премьер-министр Николай Танаев, президенттин администрациясынын мурдагы башчысы Аманбек Карыпкулов, экс-башкы прокурор Чубак Абышкаев, экс-ички иштер министри Темирбек Акматалиев, коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Калык Иманкулов ошол учурда мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеген Кубанычбек Жумалиев, Курманбек Укулов, Медетбек Керимкулов, Мыктыбек Абдылдаев, Жеңиш Досматов, Алик Орозов катышыптыр. Анда экс-министр Темирбек Акматалиев 17-мартта Аксыда Азимбек Бекназаровдун бир миңге чукул талапкерлери аны камактан бошотууну талап кылып райондук милиция бөлүмүнө жана райондук администрацияга күч менен киребиз дегенде, милиция кызматкерлери менен элдин ортосунда кагылышуу болуп, 2 киши окко учуп, 17 киши жарадар болгонун маалымдаган. Өкмөт «Тайфун» операциясын Аксыда колдонуу тууралуу токтом кабыл алып, ага ылайык кырдаалды жөнгө салып баш аламандыкты болтурбоо үчүн Ички иштер министринин мурдагы орун басары Калмурат Садиев башында турган ыкчамдатылган штаб түзүлгөндүгү жазылган макалада.

Айрым адам укугун коргоочулар,бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү «Тайфун» операциясын киргизүүгө Аксы окуясына ошол кездеги өкмөт башчысы Курманбек Бакиевдин да тиешеси бар деп келишкен.

«Лица» гезитине басылган маалымат боюнча Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев шашылыш маалымат жыйынын өткөрүп, «Тайфун» операциясы коомчулуктан эч кандай жаап-жашырылбаганын, ал кылмыш иши боюнча документтерге тиркелгенин билдирди. Анын пикиринде Аксы окуясынын чыгышына Азимбек Бекназаровдун үстүнөн прокуратура кызматкерлеринин козгогон кылмыш иши себеп болгон.

-Буга өкмөттүн эч кандай тиешеси жок болгон Себеп дегенде Аксы окуясы башталганга чейин эле эки ай мурда депутат Азимбек Бекназаровго карата кылмыш ишти ошол маалда прокуратура органдары козгоп атат. Ошондон башташ керек. Прокуратура өкмөткө баш ийбейт, прокуратура органдары түздөн-түз президентке баш ийген.

Башкы прокурор белгилегендей 17-мартта экс-президент Аскар Акаев өлкөдө жок болсо дагы Аксыдагы кандуу окуя башталганда бардык кырдаалды президенттин администрациясынын ошол кездеги жетекчиси Аманбек Карыпкулов жетектеп турган. Өкмөттүн кеңешмесинде президенттин администрация жетекчиси, башкы прокурор, коопсуздук кызматынын башчысы, Жогорку Сот менен коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү катышып, «Тайфун» операциясы боюнча өкмөт токтом кабыл алган. Ушунун өзү эле бул маселеге өкмөттүн күнөөсү жок экенин айгинелеп турат, дейт Сатыбалдиев.

-Ошол кездеги өкмөт башчысынын кандай тиешеси бар ал кол койгон ишке. Мен азыр түздөн түз бирөөнү күнөөлөгүм келбейт. Бирок өзүнөн өзү бир ой келет. Ошол ишти президенттин администрация башчысы баштап атабы? Бул жерде ошoл кездеги өкмөт башчысы Курманбек Бакиевдин күнөөсү бар экенин көрө албай кoйдум.

Сатыбалдиев Аксы окуясына президент Курманбек Бакиевдин моралдык дагы, юридикалык да жактан эч кандай күнөөсү жок деп эсептейт.

Баш прокурордун айтымында, кечки саат төрттө Кербенде ок атылып, адамдар курман болгондон кийин, өкмөт кечки саат тогузда «Тайфун» операциясы тууралуу токтом кабыл алган. Эгерде массалык баш аламандыктарга, уурдап-тоноолорго жол берилип, тополоң чыгарылса, ички иштер бөлүмүн же мамлекеттик администрацияны басып алуу аракети болсо «Тайфун» жана «Буран» операцияларын колдонуу укук коргоо кызматтарындагы катардагы эле иш чара, дейт Сатыбалдиев.

Анын баамында, Жалалабад облусунун ички иштер башкармалыгынын ошол кездеги жетекчиси Кубанычбек Токобаевдин 17-мартта саат 14тө тынч митингке чыккан элди көрүп, өз алдынча «Тайфун» операциясын колдонуу жөнүндө кабыл алган чечими курчутуп жиберген.

Ал эми Токобаев тополоң башталгандан кийин кечки саат алтыда ички иштер министринин ошол кездеги орун басары Садырбек Дубанаевдин көрсөтмөсүнүн негизинде «Тайфун» операциясына буйрук бергени тууралуу Башкы прокуратурага көрсөтмө берген. Ал эми президенттин администрациясынын мурдагы башчысы Аманбек Карыпкулов Аксы окуясына өзүнүн эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет.

Ошол кезде Аксы окуясына күбө болгон «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова болсо бийлик адамдарды атып алгандан кийин бул окуя боюнча документтештирүүгө аракет кылган деп эсептейт.

-Бул кайра дагы алардын абалын жеңилдетпейт, тескерисинче абалын оорлотот. Демек булар адамдарды атып алышып, анан кийин документештирүүгө аракет кылышкан. Андан кийин эртеси күнкү ок атууларга кайра мыйзамдаштырып берген. 18-мартта дагы элдин каны төгүлгөн, -деди Азиза Абдырасулова.

Ал эми парламент депутаты Азимбек Бекназаров Аксы окуясындагы ок атууга ким буйрук бергендиги, ал окуяга кимдин канчалык тиешеси бар экендиги тууралуу маалыматты депутаттык комиссия ийне-жибине чейин иликтеп чыкканын, анын жыйынтыгы 14-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда ачык айкын айтыларын билдирди.

XS
SM
MD
LG