Бул тууралуу британдык "Financial Times " гезитинде жарыяланган маегинде Сербиянын тышкы иштер министри Вук Йеремич билдирди. Бирок ал Косованын көз карандысыздыгы региондун коопсуздугунда олуттуу проблемаларды жаратарын эскерткен. Көбүнесе албан улутундагылар жашаган Косово Улуттар уюмунун ага көзөмөл алдында көз карандысыздык берген планын колдоодо. Сербия ал планды четке каккан эле. Өз кезегинде Белградды БУУнун Коопсуздук кеңешинде вето салуу укугу бар Орусия колдоодо.