Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

БРИТАНИЯ ТҮРКИЯНЫН ЕВРОБИРИМДИККЕ КИРИШИНЕ ТИЛЕКТЕШ


Аким Өзгөн Түркия Эки күндүк ырасмий сапар менен Түркияда болгон британ тышкы иштер министири Евробиримдикке мүчө болуу тууралуу Түркиянын мүдөөсүн Британия колдой турганын дагы бир жолу бекемдеди.

Тони Блeрдин ордуна Британиянын премьер-министири болгон Гордон Браундун өкмөтүндө тышкы иштер министри болуп дайындалган Девид Милибанд Анкарада түрк кесиптеши Али Бабажан менен көзмө көз сүйлөшүүлөр өткөрүп, Түркиянын Евробиримдикке мүчө болуу жараянындагы өнүгүүлөрдү, Ирактагы соңку абалды жана эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди талкууга алды. Милибанд Түркиянын жаңы жана өзү өңдүү жаш тышкы иштер министири Али Бабажан менен болгон сүйлөшүүсүнөн кийин уюштурулган басма сөз жыйынында Түркиянын Европалык Биримдикке толук мүчө болуу жараянына Лондондун колдоосун кайра бекемдеди.

“ЕБ Британия жана Түркиянын толук кандуу жана тең укуктуу мүчөлөр катары өкүлчүлүгү болгон бир шериктештике айлануусун каалайбыз” деп айткан Милибанд мырза өзгөчө энергетика жана коопсуздук тармактарынан алып караганда Түркиянын биримдикке мүчөлүгү абдан маанилүү экенин баса белгилеп, Түркия кйиинки айлардын ичинде баштан кечирген саясий кризистерден демократиялуулуктун жеңиши менен чыкканына кубанганын билдирди.

“Бүт Европалык кесиптештеримин атынан айтып олтурам, Түркиядагы демократия жараянынын жана чечим чыгаруу механизмдеринин жетилген болуп чыгышы бардыгыбызды кубандырды; Түркия кийинки тажрыйбалардан мурдагысынан алда канча күчтүү болуп чыкты” деди министр Милибанд. Коюлган бир суроого жооп кайтарып Милибанд, Британия Түндүк Кипр Түрк Жумуруяты менен тикелей соода жана аба жол каттамын орнотуу тууралуу берген убадасын кармашты каалаганын, бирок эл аралык уюмдар койгон мыйзамдарды да эсепке алууга туура келип жатканын айтты. Ал ошондой эле Лондон өкмөтү Түндүк Ыраактагы ПКК уюмунун террордук иш-чараларын чечкиндүү айыптаганын дагы бир жолу ишендирди.

Түркиянын тышкы иштер министири Али Бабажан болсо Евробиримдикке алып барган жолдо реформалар чечкиндүү улантылаарын ишендирип, жаңы курулган өкмөт Жакынкы Чыгышта алда канча иштиктүүрөөк саясат алып бара турганы тууралуу билдирди.

Бабажандан кийин Түркиянын жаңы президенти Абдуллах Гүл жана премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган тарабынан кабыл алынган Британиянын тышкы иштер министири Милибанд Анкарадан Стамбул шаарына өтүп, Бахчешехир университетиндеги бир жыйынга катышты. Студенттер, бейөкмөттүк уюмдар жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү да катышкан жыйында Милибанд сөз ири өзгөрүштөрдүн тушунда маданияттардын ортосундо көпүрөөлөрдү салуунун үстүндө болуп жатат, деп белгиледи: Британияда жана Түркияда жаңы өкмөттөр курулду, өлкөлөрүбүздү да жаңыча эрегиштер күтүп олтурат. Бирок менин оюмда эң эле баштапкысы, Европа менен Азиянын ортосундогу жараканы бүтөш, эки арага көпүрө салыш болуп эсептелет” деди. Милибанд сапарын карытып жөнөп кетти.

XS
SM
MD
LG