Борбор Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиктин алдында түзүлөт. Анда жаңы маалымат технологиялардын жардамы менен мамлекеттик органдардагы бош жумуш орундарга талапкерлерди тандоонун алгачкы этаптары ишке ашмакчы. Ошондой эле аталган борбордо мамлекеттик кызматкерлерди окутуу, билимин өркүндөтүү иштери да жүргүзүлөт. (EBM)