Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:45

16:30 “Сентябрь” телеканалынын оператору Талантбек Сопуевди сабагандар табыла элек


Аталган телеканалдын жетекчисинин орун басары Асылбек Текебаевдин “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча Талантбек Сопуев учурда үйүндө дарыланып жатат. Бул анын жеке коопсуздугун сактоо максатында болууда дейт Асылбек Текебаев. Анын айтуусунда Талантбектин мурун сөөгү сынган, денеси токмоктон көгала болгон. Оператор ошол эле күнү милицияга жана “тез жардам” кызматына кайрылган. Ал өзүн сабап кеткен кишилердин кебете-кешпирин жана аларды ташып жүргөн машинанын номерин милиция кызматкерлерине айтып берген. 5-сентябрь күнү өзүн “милициянын полковниги Мырзаевмин” деп тааныштырган киши жана анын жанындагы үч-төрт адам “сен Текебаевчилсиң” деп тепкилеп салышкан. Жалалабат облустук ИИБнын жетекчилиги болсо милицияда “Мырзаев аттуу полковник” жоктугун билдирип жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG