Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:45

19:07 Таласта ардагер аксакалдар жол каттамдары боюнча аларга шарт түзүлбөй жатканын айтышууда


ТАЛАС. Бул көйгөйлөрдү ардагерлер Талас районуна караштуу токой арасында жайгашкан “Барчын” балдар лагеринде 3-сентябрдан бүгүнкү күнгө чейин эс алуу учурунда айтышты. Облустук аксакалдар кеңешинин төрагасы Медер Мамбеталиев, ардагерлердин жол кирелерине автобазага жогору жактан акча өз учурунда которулбай жатканы үчүн ушундай кырдаал болуп жатат деп түшүндүрдү. Бул эс алууну аксакалдарга облустук администрация уюштурган. Облус боюнча 283 согуш ардагери бар. Аталган эс алууга ар бир райондон жыйырмадан аксакал чакырылып, лагерде жалпысы 100 аксакал эс алды. Булардын арасында тылда эмгек кылгандар да бар. Аксакалдардын эс алуу аземи “Манас ордо” комплексине барып, түлөө өткөрүп, Манас атанын арбагына куран окутуу менен аяктады. (UA)

XS
SM
MD
LG