Маркум Бектемир Акуновдун тарапкерлеринин сунушуна ылайык, Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Таалай Нуралиев, анын орун басары Совет Курманакунов жана окуя болгон түнү күзөтчүлөрдү жетектеген Тынай Ниязакуновдун үстүнөн кайрадан соттук териштирүү башталган. Маркум Бектемир Акуновдун уулу Урматтын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, тергөө иши “өз кызматын кыянаттык менен пайдаланган” жана “адамды мыйзамсыз барымтага алган” деген беренелер боюнча тагылган айыптын негизинде жүрөт. Бириккен фронт быйыл апрелде уюштурган митингдин чегиндеги ачкачылык акциясынын катышуучусу Бектемир Акунов 15-апрелде Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн абагында табышмактуу жагдайда өлүмгө кабылган болчу. (ZMa)