Кампалардагы дан эгиндери каяка жумшалган, ким уурдаганы тууралуу өкмөт тактап атканын маалымдаган премьер-министр, өкмөттүн кетирген кемичиликтерин мойнуна аларын билдирди. Депутат Алмамбет Матубраимов акча-кредиттик саясатты кайрадан кароону сунуштап, аткаруу бийлиги иштебей жатканын, кызматтарына жоопкерчиликсиз мамиле кылган, иштебеген министрлерди, жетекчилерди кызматтан кетирүү маселесин көтөрдү. (AJ)