Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:14

ОРУС ПРОКУРАТУРАСЫНДА ӨЗ АЛДЫНЧА ТЕРГӨӨ КОМИТЕТИ ТҮЗҮЛДҮ


Нарын АЙЫП, Прага Орусиянын Башкы прокуратурысында өз алдынча Тергөө комитети түзүлдү. Айрым эксперттердин пикиринде, бул Комитет келечекте күчтүү уюмга айланышы мүмкүн, башкалардын айтымында болсо, президент Путин өлкөдөгү бийликти бөлүп жатат.

Башкы прокуратуранын ичинде өз алдынча Тергөө комитетин түзүү тууралуу буйрукка президент Владимир Путин 5-июнда кол койгон, 22-июнда болсо парламенттин өйдөкү палатасы, Федерация кеңеши ал чечимди бекиткен.

Жаңы Комитеттин башчысы болуп ошол эле буйрук менен - мурда башкы прокурордун орун басары болуп иштеген Александр Бастрыкин дайындалды. 7-сентябрда ал өзү атайын буйрукка кол коюп, 18 миңге жакын тергөөчү менен азыр тергөө алдындагы 60 миңге жакын кылмыш ишин прокуратурадан жаңы Комитетке которду жана 10-сентябрда Комитет өз алдынча эмгектене баштады.

Маскөөлүк аналитик Дмитрий Орешкиндин пикиринде, мындай өзгөрүү менен Путин Башкы прокуратуранын күчүн чектеп жатат. Тергөө комитети расмий түрдө прокуратуранын курамында калганы менен, анын башчысын президент дайындайт жана жаңы эреже боюнча башкы прокурор Комитеттин башчысына каршы кылмыш ичин ача албайт, Комитеттин төрагасы болсо башкы прокурорго каршы кылмыш ишин баштай алат.

Орешкиндин айтымында, мындай татаал система түзүү менен президент кайсы болбосун күч колдонуучу уюм өтө көп бийликке жете албашын камсыз кылып жатат жана мындай системага азырынча Федералдык коопсуздук кызматы гана баш ийбейт:
"Путин өзү 'силовиктерден' чыкканы менен, коопсуздук кызматтарынын кайсынысында болбосун өтө көп бийлик жана мүмкүнчүлүк топтолгону канчалык коркунучтуу экенин түшүнөт. Генпрокурор Чайка өтө лоялдуу адам, ал эч коркунуч түзгөн жок. Ага карабастан, күч колдонуучу агенттиктер бир-бири менен атаандашканы жакшы - алар бир-бирин аңдыйт жана көзөмөлдөйт, бирок бири дагы чечүүчү мааниге ээ болбойт. Бул жерде ФСБ гана обочолонуп турат", - дейт Орешкин.

Маскөөдөгү "Панорама" деген илимий борбордун башчысы Владимир Прибыловскийдин пикиринде болсо, жаңы Комитет келечекте өтө күчтүү уюмга айланышы мүмкүн: "Жаңы уюм прокуратуранын курамына киргени менен, анын башчысы Бастрыкиндин укуктарын карап көрсөңүз, аны экинчи баш прокурор деп да атаса болот жана анын мааниси дагы жогорулашы мүмкүн. Азырынча андай белгилер жок, бирок эгер бул Комитет бардык тергөө агенттиктеринин башына чыкса жана бирдиктүү тергөө комитети түзүлсө, ал эбегейсиз бийликке ээ болот", - дейт Прибыловский.

Айрым эксперттер бул Комитетти - АКШнын Федералдык тергөө бюросу менен дагы салыштыра баштады, бирок "Российская газетанын" кабарчысы менен 29-августта маектешкенде, Бастрыкин - бизге эч кандай ФБРдын кереги жок деп билдирди.

Комитеттин карамагына өткөн 60 миңге жакын кылмыш ишинин ичинде азыр - былтыр өлтүрүлгөн белгилүү орус журналисти Анна Политковскаянын, Орусияда иштеп жүргөндө мындан үч жыл мурда атылып кеткен америкалык журналиcт Пол Хлебниковдун, Борбордук банктын төрагасынын былтыр өлтүрүлгөн орун басары Андрей Козловдун иштери бар.

XS
SM
MD
LG