Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:33

АЗИЯ-ТЫНЧ ОКЕАН АЙМАГЫНЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ОРУСИЯ КӨП КАТЫШПАЙ ЖАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Жакында Автралияда Азия-Тынч океан кызматташуу уюмунун бийик жолугушуусу болуп өттү. Ага Орусиянын президенти дагы катышты жана саммит алдында ал Индонезия менен Австралия жетекчилери менен жолукканда, миллиарддаган доллар турган келишимдерге да кол коюлду.

Австралиядагы саммит 8-9-сентябрда болуп өттү, анын алдында орус президенти Владимир Путин 6-сентябрда Индонезияга келип, өлкө президенти Сусило Бамбанг Юдхойоно менен жолугуп, өлкөгө бир миллиард доллар турган курал сатуу жөнүндө келишимге кол койду. Алардын арасында кыруучу учактар жана суу алдында жүрүүчү кемелер да бар. Аны менен катар орус жана индонезиялык жетекчилер кол койгон башка келишимдердин жалпы баасы төрт миллиард долларга жетти.

Саммит алдында Австралияга келип, Путин өлкө премьер-министри Жон Говард менен 7-сентябрда жолукту жана эки мамлекет ортосунда уран келишимине кол коюлду - жыл сайын Орусия Австралиядан баасы бир миллиард долларга жеткен уран сатып алып турмай болду.

Бийик жолугушуу учурунда Путин АКШ, Кытай жана башка мамлекеттердин жетекчилери менен дагы жолукту, бирок 21 мамлекеттен турган Азия-Тынч океан экономикалык кызматташуу уюмунун өнүгүүсү же келечеги тууралуу орчундуу эч демилге көтөргөн жок. Ошондуктан, "Азаттыктын" аналитиги Патрик Мур айткандай, Орусия заманбап маселелерден мурда мурдагыдай эле кубат же табигый байлыктарды сатуу иштерине кызыккандай.

Азия-Тынч океан региону азыр өтө ыкчам өнүгүп жаткан аймак, Орусия болсо, Патрик Мурдун пикиринде, андан корккон сыяктуу. Кытай менен Орусия ортосундагы чек аралаш аймактарда Орусия тарапта жети, ал эми Кытай жакта 77 миллион адам жашайт. Орусиянын Алыскы Чыгышына 2000-жылдын июлунда келгенде, Путин жергиликтүү жетекчилерге - эгер биз чара көрбөсөк, жакында региондогу эл жапон, кытай жана корея тилдеринде сүйлөп калат деп айткан.

Австралия менен түзүлгөн келишим дагы бир топ эксперттердин тынчсыздануусун жаратууда. Өзү табигый газ өндүрүп, аны экспорттогон Орусия кошуна Борбор Азия жумурияттарынан андай газды эбегейсиз көлөмдө сатып алганы белгилүү, анткени аны кийин Батышка эки эсе кымбат сатат.

Ошондуктан Маскөө Австралиядан эбегейсиз көлөмдө уран сатып алууга даяр экени көптөгөн суроо жаратууда, анткени өзү уран өндүрүп, аны экспорттойт.

Андай тынчсызданууларга 7-сентябрда Путин минтип жооп берди: "Советтик мезгилде биз Орусиянын атом станцияларында отуз реактор курганбыз. Келерки 15-20 жылда биз дагы ошончо реактор курууну пландап жатабыз, ошондуктан бизге австралиялык уран керек. Башка өлкөлөргө сатылып кетет деген маселе боюнча айтаарым болсо - бизде андай максат үчүн өзүбүздүн ураныбыз жетиштүү", - деди Путин Сидней шаарында.

Анткен менен, айрым эксперттердин пикиринде, уран байытуу өндүрүшүндө Орусияда толук ачыктык жок экени белгилүү, ошондуктан Орусия аркылуу уран Сирия же Иран сыяктуу мамлекеттерге сатып кетиши мүмкүн деген тынчсызданууларга негиз бар. Азия-Тынч океан кызматташуу уюмунун иштерине болсо Орусия жетиштүү деңгээлде катышпайт. Мисал үчүн, Кытайдын экономикасы азыр Орусияныкынан эки жарым эсеге көп, орус-кытай соодасы болсо Кытайдын жалпы соодасынын эки гана пайызын түзөт.

XS
SM
MD
LG