Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:15

17:22 Т. Сариевди Сокулукта үй өрттөгөндөрдү тыйып койбой, калкалап жатат деп айыпташууда


Сокулуктагы «Курулуш» бакчачылар коомунун жетекчиси Жыпаргүл Турсунбаева жана анын адвокаты бүгүнкү өткөн маалымат жыйынында жергиликтүү бийлик ээлерин жана депутат Темир Сариевди айыптап чыгышты. Алардын айтымында, өткөн жылдын 10-октябры күнү үч жүз чамалуу адам чогулуп, Ж.Турсунбаеванын үйүн өрттөп, өзүн сабап кетишкен. Окуя болгон жерге аким баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана депутат Темир Сариев келген, бирок баш аламандыкты тыйып койгонго жарашкан жок. Түздөн- түз депутаттын бул жерге кызыгуусу бар деп айтылды маалымат жыйынында. Т.Сариев жогоруда айтылгандар курулай доомат экенин жана аны күнөөлөп жаткан адамдарды сотко бере тургандыгын «Азаттыкка» билдирди. Ушул дүйшөмбү күнү бир топ жер ээлери Жыпаргүл Турсунбаева өз үйүн өзү өрттөгөн жана 2004- жылдан бери ар кимдин менчик жерлерин сатып жүргөн деп айыптап чыгышкан болчу. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болсо жер сатууну өнөкөт кылган бул айымга эч кандай чара колдоно албай жатканын билдирүүдө.(JJ)

XS
SM
MD
LG