Мындай маалыматты Нарын районунун бир катар мектеп директорлору райондогу башталгыч классатардын окуучуларын тамак-аш менен камсыздоо үчүн өткөрүлгөн тендердик комиссиянын жыйынында билдиришти. Мектеп жетекчилери окуучуларды бир маал тамак-аш менен камсыздоодо одоно кемчиликтер кетирилип жатат деп, өткөн окуу жылында тендерден утуп алган “ВР компания” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердигин айыпташты. Алардын айтымында, окуучулар көрсөтүлгөн ассортимент менен өз деңгээлинде тамактанышпай жатышат. Натыйжада бир окуучуга берилген тамак-аш суммасы 2 сом 80 тыйынды түзүүдө. Бул күнү талаш-тартыштан соң тендердик жыйын үзгүлтүккө учурап, аны өткөрүү мөөнөтү кийинки аптага жылдырылды. (KUs)