Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

15:10 Жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынат


Бул тууралуу ЕврАзЕстин парламенттер аралык ассамблеясынын эмгек миграциясы боюнча комиссиясынын жыйынында айтылды. Миграция жана калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитетинин миграциялык саясат башкармалыгынын башчысы Нурлан Кубеновдун маалымдаганы боюнча “Калкты жумуш менен камсыз кылуу жана ишкер орноштуруучу жеке кызматтар” боюнча атайын мыйзамдын долбоору түзүлдү. Анда жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу менен алектенген жеке мекемелердин иши мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынары айтылган. Жетекчинин айтуусунда ЕврАзЕс өлкөлөрүнүн ичинде эмгек мигранттарын ишке жайгаштыруу боюнча атайын түзүлгөн жумушчу топ документ даярдоодо.
Бейөкмөт уюмдардын маалыматы боюнча учурда чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандык эмгек мигранттардын саны 1 млн го чукул. (ZKo)

XS
SM
MD
LG