Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболовдун билдирүүсү боюнча парламент эң ириде Конституциялык сот чечимин кайсы мыйзамдардын негизинде кабыл алды деген маселени талкуулайт:
- Алды менен Конституциялык соттун чечимин алып, кайсы мыйзамдын, кайсы нормалардын негизинде Конституцияны жокко чыгаргандыгын такташыбыз керек. Конституциялык сот Конституциянын өзүн жокко чыгарып жатса аны кантип талкуулабай кое алабыз? Маселен, Конституциялык соттун бирден-бир милдети –кабыл алынган мыйзамдар Конституцияга туура келеби же келбейби деген маселени тактоо. Конституциянын өзүн жокко чыгаруу- бул Конституциялык соттун өзүнүн ыйгарым укуктарынан жогору чыгып кеткендигинин белгиси.
Кубат Байболовдун баамында, Конституциялык соттун чечими Кыргызстандын мамлекетти башкаруу чөйрөсүндөгү чечимдеринен баштап, Жогорку Кеңеш кабыл алган катардагы мыйзамдарына чейин арабөк абалга калтырып, саясий абалды курчутчу окуя болду:
- Бул кыйчалыштан башка эмнени алып келет? Маселен, өкмөттүн курамын толугу менен кайра карашыбыз керек. Сот, укук коргоо тармагы боюнча Улуттук комиссиянын чечимдеринин бардыгы эми туура эмес болуп чыгат. Биз шайлаган соттордун, элчилердин легитимдүүлүгү, Жогорку Кеңештин түзүмү жана ага таянып кабыл алынган юридикалык чоң-чоң чечимдердин бардыгы бүдөмүк болуп калып жатпайбы... Эгер биз юридикалык жактан дыкат талдап, баарын кайра карай турган болсок ошол эки Конституцияга негизделип кабыл алынган мыйзам, чечимдердин бардыгы тең аманат болуп калбадыбы!
Ал эми Кыргызстандын Адилет министри Марат Кайыпов Жогорку Кеңеш чечимди талкуулаган менен ага эч кандай таасир бере албасын баса белгилеп, абалдан чыгуунун жолу жакын арада аныкталаарын билдирди:
- Конституциялык соттун чечими даттанууга жатпайт. Даттанууга жатпагандан кийин, демек, аны мамлекеттик кайсы бир бийлик бутагы талкуулап же жокко чыгарууга укугу жок. Конституциялык соттун чечимин мамлекеттеги бардык бийлик органдары менен анын кызматкерлери убагында жана так аткарууга милдеттүү. А эгерде Конституциялык соттун чечими аткарылбаса мамлекеттик органдар да, бийлик адамдары да тиешелүү жоопкерчиликке тартылышат. Менин оюмча, депутаттар Конституциялык соттун чечимин кайра карап, оңдобой аны изилдеп, окуп, талкуу гана жүргүзөт.
Анткен менен Конституциялык соттун чечими туш кылган кырдаалдан чыгуунун жолун азыр салмактуу саясатчылардан тарта тестиерлерге чейин талкуулап, айрым бийлик өкүлдөрү туңгуюктан чыгарчу жалгыз жол- Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өткөрүү деп боолголой башташты. Алардын бири депутат Мурат Жураев:
- 2003-жылкы Конституция көп болсо бир ай эле иштейт. Менин оюмча, андан кийин референдум жолу менен жаңы Конституция кабыл алынат.
Кыргызстан азыр негизденип турган 2003-жылкы Конституцияга ылайык референдум өткөрүү чечимин президент парламенттин макулдугусуз эле жарыялай алат. Ушундан улам айрым саясатчылар ноябрь-декабрь Конституциясын жокко чыгаруу арызы Ак үйдүн кеңеши менен берилип, Конституциялык сот да ошол кеңешке ылайык чечимге барды деген бүтүм чыгара башташты. Ушундан улам адам укуктары боюнча президент алдындагы комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун дүйшөмбү күнү Конституциялык сот төрайымы Чолпон Баекованын аракетине баа берген атайын билдирүү таратаарын жарыя кылды:
- Анткени, 7-8-9-ноябрга чейин Баекова менен чогуу болгонбуз. Ал депутаттардын алдына чыгып сүйлөп, “кабыл ала бергиле, Конституцияга эч кандай каршы келбейт” деп айткан. Андан кийин декабрдагы долбоорду да колдоп берген болчу. Эгер ал киши принципиалдуу болгондо ноябрдагы дагы, декабрдагы дагы да долбоорлор кабыл алынбайт болчу.
Ал эми референдум жарыялана турган болсо буга чейин Премьер-министр Алмазбек Атамбаев башында турган жумушчу топ иштеп чыгып, азыр Конституциялык соттун кароосунда жаткан долбоор добушка коюлабы же дагы бир жаңы долбоор иштелип чыгабы, дегеле конституциялык реформа болобу азырынча белгисиз.