Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:45

18-СЕНТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Ормон хан орустарга колго түшкөн кыргыздардын бошотулушун өтүнүп Улуу жүз казактардын приставы майор Перемышльскийге кат менен кайрылган. 1916-жылдын 18-сентябрында кыргыздарды Сергиополго жумушка жөнөтүү маселеси каралган.

Өзүнчө сибирь корпусунун командачысы 1851-жылдын 18-сентябрында экспедициялык отряд тарабынан кармалган эки кыргыз туурасында орус бийлигине кабарлаган. Улуу жүз казактардын приставы майор Перемышльскийдин билдиргенине караганда алардын жанында эки мылтык жана 8 жылкы болгон. Колго түшкөн кыргыздардын тагдырына күйгөн Ормон хан, алардын бошотулушун өтүнүп Улуу жүз казактардын приставы майор Перемышльскийге кат менен кайрылган.

Падышалык бийлик 1916-жылдын 18-сентябрында кыргыздарды Сергиополго жумушка жөнөтүү маселесин караган. Буга чейин Жетисуу уездинин түндүк аймагында орун алган айрым болуштуктар сугатчылык иш үчүн кыргыздардын күчүн пайдаланууну сунуш кылышкан. Империялык бийлик кыргыздарды жалаң эле сугат ишине эмес, Сергиополдон Семипалатинскиге чейин темир жол куруу үчүн пайдалануу жагын да караштырган. Бирок аларды жайгаштыруу, керек-жарак менен камсыздоо маселесинде суроолор чыккандыгына байланыштуу, жумушчуларды Сергиополго жөнөтүүнү токтотуп турyу максатуулугу белгиленген.

Түркстан коммунисттик партиясынын V съезди 1920-жылдын 18-сентябрында ишин аяктады.

Миң чамалуу Өзбекстан ислам кыймылынын согушчандары 1999-жылдын бу күнү Кадамжайдын Сырт жана Баткендеги Газ кыштактары багытында чабуулга өтүштү. Бир күн мурун алар Кадамжай блокпостуна кол салышып, согушчан анабашчылардын бири Абдулазиз Юлдашевдин өлүмүнө байланыштуу кыргыз аскерлерине каршы кысымын күчөтүштү.

Бишкек шаарында 2003-жылдын бу күнү Борбор Азия массалык каражаттарынын абалына арналган V эларалык конференция ишин аяктады.

«Чуулгандуу» № 1-Университет шайлоо округунда 2005-жылдын 18-сентябрында Жогорку Кеңеш депутаттыгына шайлоо өткөрүлдү. Университет округунун чуулгандуу аталышы, буга чейин Жогорку Кеңеш депутаттыгына шайланып, 2005-жылдын 24-март окуясынан кийин бийлик алмашууга байланыштуу депутаттык мандатынан айрылган Бермет Акаевага жана аны менен байланыштуу бир канча айга созулган сот ишинен улам айтылган.

Бу күнү, 1698-жылы «Темир маска» атыккан сырдуу сүргүн Бастилияга которулуп, 1793-жылы Вашингтондо АКШ Конгресс мекемеси Капитолий түптөлүп, 1925-жылы Советтер Союзунда милдеттүү аскер кызматы киргизилип, 1934-жылы СССР Улуттар Лигасына кирип, 1947-жылы АКШда ЦРУ уюшулуп, 1819-жылы француз физиги, жарык ылдамдыгын тапкан Жан Фуко, 1904-жылы атактуу тарыхчы Петр Зайончковский, 1920-жылы советтик композитор Карен Хачатурян жарык дүйнөгө келген.

XS
SM
MD
LG