Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 23:04

16:30 АКШ менен Иран ортосунда согуш чыкса Кыргызстан аргасыз аралашат


Мындай пикирин билдирген депутат Карганбек Самаков бүгүн Жогорку Кеңешти кайрылуу кабыл алууга чакырды. Депутат мындай сунушун Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнердин билдирүүсүнө байланыштырды. Кушнер Иран өзөктүк программаларын кыскартпаса, согуш болорун жергиликтүү телеканалдардын биринде сүйлөгөн сөзүндө кыйыткан. Парламенттин дагы бир депутаты Рашид Тагаев АКШнын аба-аскерий күчтөрүнүн Кыргызстанда жайгашып турушуна каршылыгын билдирди. Анын көз карашында кокус АКШ менен Иран ортосунда согуш башталып кетсе, Кыргызстандагы антитеррордук күчтөрдүн аба аскерий базасы Иранга каршы пайдаланылышы мүмкүн. Бул Кыргызстанды кыйын жагдайга кирептер кылат деп эсептешет саясатчылар. (BuS)

XS
SM
MD
LG