Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:55

ААРЫЛАР ВИРУСТАН КЫРЫЛГАНДА ...


Жакындан бери Америка Кошмо Штаттары менен Европанын айрым өлкөлөрүндө аарылардын кырыла баштаганы байкалды. Жаныбарлардын массалык түрдө кырылышын СПИД эпидемиясынын адамдарга тийгизген зыян менен салыштырууга болот. АКШнын айрым аймактарында аарылардын бүтүндөй уюгу бир аары калбай ээн калган учурлар болду. Мунун себеби эмнеде?

Адам баласына жылына миллиардаган доллар кирише берген аарылардын эмне себептен кырыла баштаганын окумуштуулар ар түрдүү себептер менен байланыштырып жүрүштү. Алардын бир катары жер шаарындагы климаттын өзгөрүүсү, аарылар тамактанган өсүмдүктөрдүн пестициддер менен ууланганы, ошондой эле өсүмдүктөрдүн гендик жактан бурмалангандыгы менен түшүндүрүүгө да аракет жасалды. Айрым окумуштуулар ал тургай аарылардын тукум курут болуп баратканын чөнтөк телефондордон бөлүнүп чыккан радиациядан да көрүштү.

Бирок сентябрь айында Science журналына АКШнын Пенсильвания университетинин окумуштуулар тобунуну макаласы муну четке какты. Ал эми АКШнын айыл-чарба департаментинин өкүлү Джеффри Петис климаттын өзгөрүүсү да буга себеп болушу мүмкүн эмес экенине төмөнкү негиздемелерди келтирди:

-Аарылар кыштан аман чыгуу үчүн күзүндө жакшы тамактанышы зарыл. Алар абдан ийкемдүү келет, биз тропиктерден баштап Арктикага чейинки аарылардын түрлөрүнө байкоо жүргүзүп келатпайбызбы, аларды узак кышка да, кыска кышка да көндүрсө болот,- деп ишендирди.

Окумуштуулардын божомолунда ааралардын кырылышына Израилдин шал кылуучу вирусу деп аталган вирус себепкер, ал Америкада өстүрүлгөн аарыларга Австралиядан алынып келген аарылардан жуккан болушу мүмкүн. Аталган вирус кыргынга учураган дээрлик баардык аарылардан табылган.

Мындай негиздемеге австралиялык бал челекчилер анчейин ишене берген жок, анткени алардын аарылары аман эсен, мурдагыдай эле баш ташып жатышпайбы.

Буга Пенсильвания университетинин окумуштуусу Эдвард Холмс бир чөлкөмдө зыянсыз болгон вирусту бир эле аминокислотанын өзгөрүүсү жан алгыч вируска айландырышы ыктымал.

-Кымындай эле генетикалык өзгөрүү, мисалы бир аминокислотанын өзгөрүүсү вирусту зыяндуу вирус кылып койушу ыктымал. Мисалы Нилдин Чыгыш Жээгиндеги Вирус ошол жердин өзүндө зыянсыз болгону менен, Американын каргалары үчүн коркунучтуу болуп чыкпадыбы. Чакан эле генетикалык өзгөрүү вирустун Израилде, Австралияда жана Америкада ар башкача жүрүм-турумуна себеп болушу ыктымал ,-дейт биолог Эдвард Холмс.

Баян Жумакадыр кызы, Прага
XS
SM
MD
LG