Анда адам укуктарын коргоо боюнча улуттук программанын долбоору жактырылды. Комиссия ошондой эле Европа Биримдиги жана Бириккен Улуттар уюму менен кызматташуу тартибин иштеп чыкты. Түркмөнстандын маалымат агенттигинин кабарына караганда, адам укуктары жаатындагы өлкө мыйзамдарын эл аралык эрежелерге ылайыкташтыруу - комиссиянын негизги милдеттеринин бири.