Жон Болтондун ырастоосуна ылайык, АКШ Россия менен түзүлгөн мамилесин өзгөртүү ниетинен 2003-жылдан тартып айный баштаган. Буга Ирактагы согуш себеп болдубу же башка да жүйөө барбы, Болтон так айта албайт. Болжол менен соңку үч жылдан бери байкалып келаткан ажырым бир топ тереңдеп кеткенин айтып, Болтон бери эле дегенде бул эми эки тараптын узак күч-аракетин жана Россиянын өзүндө бир катар өзгөрүүлөрдү талап кыларын белгиледи.
2001-жылдын 11-сентябрынан кийин эки өлкөнүн кансыз согуштан калган мамилелерин стратегиялык өнөктөштүккө чыгарып,кайра түзгөнгө оңтойлуу мүмкүнчүлүктөр пайда болгон эле. Чогоол өлкөлөрдүн, ядролук куралдардын коркунучун түшүнүүдө, Ооганстандан талиптерди кууп чыгууда Москва менен Вашингтондун позициялары жакындаша баштагандай көрүнгөн. Бирок белгисиз себептерден улам 2004-жылдан тартып стратегиялык бир катар маселелерде алардын ажырымы башталды.
Түндүк Кореянын ядролук программасына арналган алты тараптуу сүйлөшүүлөрдө Москванын ролу “пайдасыз” болгонун белгилеп, Болтон эми Иранга байланыштуу эл аралык талкуу-талаштарда, асыресе, Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн арасында Россия өзүн Тегерандын принциптүү жактоочусу жана колдоочусу катары көрсөтүп жатканына көңүл бурду.
Жакынкы Чыгыштагы окуяларда да Москванын позициясында Болтон жакшы түшүнө албаган жагдайлар бар. Бирок Болтон канткен менен “Россия Түндүк Корея, Иран жана Сирияга караганда кыйла жогорку даражадагы досторго муктаж” деп эсептейт. Болтон ошондой эле Россиянын мыйзамдуу кооптонуусун пайда кылып жаткан маселелер бар экенин да моюнга алды. Ага өзгөчө Москванын Косово проблемасындагы позициясы жагат.
Өткөн алты-жети жылдагы эки тараптын мамилелери сыйда болбосо да түпкүлүктүү проблемаларга калганда аларды ортоктоштурган көп кызыкчылыктар бар, деп айтты Болтон. Өз ара алакаларды жаңы деңгээлге көтөрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү али колдон чыга электигин көрсөтүп,буга жолтоо болчу факторлор катары Болтон Россиянын жымсал авторитаризмге, коммунистчил жолойго,арампөш царизмге түшүп баратканын, саясий системада ачыктыкка, демократиялык өзгөрүштөргө, сөз жана адам эркиндигине чектелүү орун кала баштаганын көрсөттү. АКШ-Россия мамилелеринин келечегин Болтон орус коомундагы ушул ички саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө жараша болот деп эсептейт.
Орус думасынын жогорку палатасынын эл аралык мамилелер комитетинин төрагасы Михаил Маргеловдун пикири негизинен Болтондун ойлоруна үндөш чыкты. Эки өлкө стратегиялык жактан өнөктөш боло албаганын ырастап, Маргелов ушу кезге чейин жетишилген кызматташтыктын деңгээлин сактап калуу зарылдыгына токтолду.