Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

7:48 Ош облустук соту бүгүн Алмазбек Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды карайт


Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси Алмазбек Текебаев «тентектик кылган» деген айып менен 4-сентябрдан бери Ош шаардык милициясынын тергөө абагында кармалууда. Бейбаштык беренеси боюнча айыпталып камакка алынган Алмаз Текебаевге кийинчерээк 341-берене боюнча кызматтык милдетин аткарып жүргөн кишилерге кол көтөргөн деген дагы бир айып тагылган. Адвокат Мейилкан Эмилбаева болсо Алмазбек Текебаев ошол кармалган учурда милиция тарабынан катуу запкы көргөнүн «Азаттыкка» билдирген эле, бирок милиция өкүлдөрү мындай маалыматты четке каккан. Анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды буга чейин Ош шаардык соту канааттандырган эмес. (SM)

XS
SM
MD
LG