Биринчиси, 1993-жылы жана 2003-жылы кабыл алынган Конституция күчүндөбү же күчүндө эмеспи? Экинчиси, бүгүн кайсы Конституция менен жашап атабыз? Үчүнчүсү, Баш мыйзамдын 96-беренесине ылайык Жогорку Кеңештин Конституцияга өзгөртүү жана түзөтүү киргизүүгө укугу барбы, же жокбу? Мына ушул үч суроого Конституциялык сот же президент жооп беришсин, деген сунушун депутат Кубатбек Байболов бүгүн парламент отурумунда билдирди. Анын айтымында, ушул үч суроого жооп берсе бир топ маселенин башы ачылат.(AJ)