Бишкек гарнизонунун аскер соту кечээ ушундай чечим кабыл алганын «Азаттыкка» Аксы окуясында жапа чеккендердин адвокаты Сартбай Жайчыбеков тастыктады. Башкы прокуратура бул иш боюнча тергөө аяктаганын жарыялаган соң айрым укук коргоочулар Жогорку соттун төрагасына сот иши Аксынын өзүндө ачык өтсүн деп, көчмө жыйын уюштуруу өтүнүчү менен кайрылышкан эле.(SM)