“Парламент менен президенттин ортосунда, премьер-министр менен президенттин ортосунда кризистик негиздер сакталып калып атпайбы. Ошондуктан биз жалаң эле бийликти ойлобой, өлкөнүн келечегин ойлошубуз керек. Ушул жагдайды эске алып, чыныгы демократиялык, чыныгы радикалдуу Конституциялык реформа жасалбай турганына көзүбүз жеткенден кийин, бийлик бир беткей болсун, бийликтин табияты өзгөрсүн, деп туруп президентке айтпайлыбы. Андай болсо президенттик башкарууну киргизсин деп”, мындай пикирин депутат Кубатбек Байболов бүгүн парламент отурумунда билдирди. (AJ)