Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

11:45 Укук коргоо уюмдары референдумга 58 млн сом бөлүнүшүн “маскарачылык” деп баалашууда


Айрым бейөкмөт укук коргоо уюмдары мындай пикирин бийлик башчыларына кечээ жолдогон ачык катында билдиришти. Анда Кыргызстан кезектеги саясий, экономикалык жана социалдык кризистин алдында турганы айтылып, нан баштаган керектүү азык-түлүктөргө баа көтөрүлүп калк карайлап турганда бийликтин референдум өткөрүүгө 58 миллион сом бөлгөнү “маскаралагандык” деп айтылат. Ачык катты “Интербилим”, “Адилет” укуктук клиникасы, “Болуш” ассоциациясы, “Атуулдук платформа”, “Бишкек ишкер клубу” коомдук бирикмелери, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы ошондой эле бир катар коомдук ишмерлер жолдогон. (EBM)

XS
SM
MD
LG