Президент К.Бакиев саясий партиясы тууралуу апта ортосунда коомчулукка жарыялайт. Бул тууралуу өлкө башчысы кечээ “Конституция, реформа жана өнүгүү үчүн” аттуу кыймылдын жыйынында билдирди. Анын айтымында, партиялык тизме менен шайлоо өткөрүү жер-жерлерге, уруу-урууга бөлүнүүчүлүк сыяктуу жаман адатка чек коет. Бакиев ошондой эле референдум өткөрүүдө административдик ресурстар колдонулбасытыгын баса белгиледи. Буга чейин “Атамекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 21-октябрда чукул өткөрүлүп жаткан референдумда, "экс-президент Аскар Акаевдин убагындагыдан да күчтүү административдик кийлигишүүлөр болуп,көз боемочулук менен өткөрүлөт",- деген пикирин билдирген.
“Арнамыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, “Конституция, реформа жана өнүгүү үчүн” аттуу кыймылы түзүлүп, ага президент Курманбек Бакиевдин катышып жыйын өткөргөнү мурдагы бийликтин саясатына түп нускасы менен коендой окшош. “Учурда саясий партиялардын, бирикмелердин, бейөкмөт уюмдардын, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын өкүлдөрү чогулуп, президенттин демилгесин ураан көтөрүп колдогону коомго жат көрүнүш”,- дейт Мамырова.
“Конституция, реформа жана өнүгүү үчүн” аттуу кыймылдын түзүлүшү артта калгандык. Анын тизмесинде мурдагы бийликти даңазалап жүргөн адамдардын катарына жаңы жаш шакирттери кошулуптур. Көз карандысыз байкоочулардын айтымында, бул президентти колдоонун мурдагыдай эле иш чарасы”,- деп билдирди “Атамекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка”.
Э.Байсалов: 2005-жылы К.Бакиев камалсын деген адамдар бүгүн анын айланасында. Мындай пикирин билдирген “Социал-демократтар” партиясынын кеңешинин жооптуу катчысы Эдил Байсаловдун айтымында, “Конституция, реформа жана өнүгүү үчүн” аттуу кыймылды 2005-жылы Курманбек Бакиевди катуу сындап, түрмөгө отургузуш керек, деген адамдардын түзгөнү күлкү келерлик. “Мындай инсандар көз караштары жок “күн карамалардын” катарына кирет”,- дейт Байсалов. Анын көз карашында, президент ар кандай саясий кырдаалдарга туруштук бере турган туруктуу саясий күчтөргө таянышы керек.