Бул тууралуу Социалдык фонддун төрайымы Тажикан Калимбетова бүгүн билдирди. Анын айтымында, пенсиялардын базалык бөлүгү 400 сомго жеткирилет, ал эми камсыздандыруучу бөлүгү 10% көбөйтүлөт. "Эгерде пенсияга чыгуу жашы төмөндөтүлбөгөндө пенсияларды 25% көтөрүүгө мүмкүнчүлүк болот эле",- деп белгиледи Калимбетова. (AiT)