Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 23:27

ЭСКИ МАНЕКЕНГЕ ЖАҢЫ КҮРМӨБҮ?


Референдумдун айланасындагы ой-пикирлердин басаңдай турган түрү байкалбайт. Гезиттер ал тууралуу бүгүнкү жарык көргөн сандарында да жазып чыгышты. Маселен «Аргументы и факты в Кыргызстане» гезити «жаңы Конституция боюнча өтө турган референдумдан кийин өлкө чындап эле саясый ызы-чуудан арылар бекен?» деген суроого жооп издеп, айрым саясат таануучуларга кайрылганда, Евгений Хан ар кандай варианттар болушу мүмкүндүгүн, бүгүнкү бир мандаттуу депутаттардын баары же өз партияларын түзөрүн же президент түзөм деп аткан партиянын колтугуна кире качарын, үчүнчү жол жоктугун айтат. Хан мырзанын оюу боюнча коом опурталдуу жолго түшүп алды, саясатчылардын эки же андан да көп жүздүүлүгү элдин кыжырын келтирүүдө. Ал эми көз карандысыз социологиялык изилдөөлөр институтунун деректири Раиса Полякова, Кыргызстанда партиялар реалдуу күчкө айлангыча жок эле дегенде 2 же 3 шайлоону баштан өткөрүү керек, бүгүн диктатурага демократтардын өзүлөрү түртүп жатат. Чын-чынына келгенде Кыргызстан үчүн референдум анча деле маанилүү эмес. Андан маанилүүсү ал өткөндөн кийин кандай болот? Парламентке келе турган партиялар коомдук кызыкчылыктарды алдыга жылдыра ала турган күчкө айлана алышабы? Коом Конституциялык чаржайыттыктан тажап бүттү.

Саясат таануучу Зайнидин Курмановдун мындан ары Кыргызстан парламенттик демократиянын, жаңы саясый процесстердин жолуна кадам таштады деп эсептээрин мисал кылган гезит, кээде коомдогу жаңыланууларды хирургдардын отурумундагы ооруга туура эмес коюлган дарт белгисине салыштырса болорун, баары эми кудай буюрса оңолуп кетет деп ойлошорун, бирок акырында баягыдай эле теңирден тескери чыгарын баяндады.

Великобритания менен Түндүк Ирландиядагы Кыргызстандын элчиси Кубан Мамбеталиевдин баарлашуусун баскан «Дело №..» гезити сөз аягында айрымдар демократиянын деми сууду дей баштаганына элчи мырзанын көз карашын сурап кайрылганда элчи мырза- Кыргызстанда демократиянын деми басылды дегендер жаңылышарын, мезгил деген убакыт өткөн сайын саясат айдыңына улам жаңы адамдарды алып чыгып турарын, эгер конкреттүү айта турган болсо Кыргызстанда эң жогорку класстагы өтө олуттуу жана өтө туруктуу саясатчы деп Өмүрбек Текебаевди эсептээрин, өлкөнүн үчүнчү президенти да дал ушул адам болорун, ал эми экинчи президент өзүнүн Конституциялык мөөнөтүн татыктуулук менен аяктарын сөз кылды.

Эл кымбатчылыктан алапайын табалбай жатса, эми рефрендумду ойлоп табышты деп белгилеген «Белый пароход» гезити өлкөдө 104 партия аз келгенсип, президент да өз партиясын түзгөнү калганын, бирок ага дейре эле ал өз кызыкчылыгын жактаган партияларды түзгөнгө аракет кылып келгенин, мунун алгачкы тажрыйбасы катарында «Республикалык эмге жана биримдик» партиясы, андан кийин «Содружество» деген партия болгонун, мындан тышкары бийликке ыктаган Топчсубек Тургуналиевдин «Эркиндик» партиясы менен президенттин админстрация башчысы Медет Садыркуловдун «Менин өлкөм» партиясы жашап жатканын, эми так ушуларды бир блокко бириктирүү мезгили келип жеткенин, андай идеянын жактоочулары ар кайсы коомдук уюмдардын, студенттердин, интеллигенциянын арасынан чыга берерин, жакында эле белгилүү медик Акрамов айрым саясатчылар эки жылдан бери президент Бакиевге Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн иштегенге мүмкүндүк бербей келатат деп айтып чыкканын, а бирок урматтуу медиктин эмес, көпчүлүк элдин ою боюнча Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн иштегенге президенттин өзү шашылбай жатканын жазды.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG