Президент Ислам Каримов шайлоого катышабы-жокпу – азырынча ак же көк деп айта элек. Өлкөнүн баш мыйзамы бу жолу ага кайра шайланганга жол бербейт дешет. Ошол эле учурда Каримов декабрда жети жылга бийликте каларынан эч ким деле шектенбейт жана жакын аралыкта президенттикке башкы талапкердин атын коомчулук өзү атайт деп күтүп жатышат.
Хорезм шаарынын тургуну доктор Сухбат Абдуллаев президент болгусу келген дымагын быйыл жыл башында эле билдирген. Буга аны бийликтер былтыр жыл этегинде макулдатышкан экен. “Мени областтык коопсуздук комитетине чакырышып, ачык эле айтышты: Өзбекстанга чынында эле өтө таза, өзүн булгабаган, кеңири коомчулукка анчейин таанылбаган бир талапкер керек. Өзбекстанда демократия бар сыяктуу көрсөтүш үчүн биз сизге эчтеме дебей,тим турабыз кыязда кептерди айтышкан эле ошондо”, - дейт Абдуллаев.
Абдуллаев өзүн өзбектердин көбү,атүгүл чет элдик бир катар уюмдар менен жеке адамдар колдойт деп ишенет. Бирок сүрөөнчүлөрүн ачык атай албайт.
Өткөн аптада президенттикке дагы бир талапкер табылды. Анын аты - Акбар Алиев, 64тө. Өзүн илимпоз, акын, социолог, философ, тарыхчы жана адабиятчы деп сыпаттайт. Он жылдан бери жумушсуз. “Өкмөт менен таптакыр ишим жок, алар менен эзели алака-катыш жасап көргөн эмесмин”, - дейт ал.
Мунун соңунан Өзбекстанда катталбаган укук коргоочулар биримдиги ташкендик Абдулло Тажибой оглын президенттикке талапкер кылып көрсөттү. Ал өзүнүн программасында азыркы режимдин бир катар кемчиликтерин сынга алат, алардын баарын оңдоо керектигин белгилейт. Буга бийликтердин мамилеси кандай болгонун сураштырган “Азаттыктын” кабарчысына ал ички иштер кызматтары ишеним көрсөтүп жатышканын билдирди. “Алар эгер ушундай киши президент болуп калса, өтө жакшы болмок экен деп эсептешет. Менин программамды окуп чыгышыптыр, аны мен милицияга да берген элем”, - дейт Тожибай оглы.
Көрсөтүлгөн талапкерлердин баары шайлоо комиссиясынан али ырасмий каттоодон өтө элек. Президенттикке беш талапкер табылганын маалымат каражаттары да калкка кабарлашкан жок. Деген менен алардын бири, атап айтканда, Абдуллаев декабрда утуп чыгарына кенедей да мүмкүндүгү жок экенин агынан жарылып моюнга алды жана бу жолку шайлоо деле мурда боло келгендей тек бир саясий “тамаша” болорунан күмөнү жоктугун билдирди.