Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

ООГАНСТАНДАГЫ КАРАПАЙЫМ КАЛКТЫН АБАЛЫ


Нарын АЙЫП, Прага Ооганстандагы абал акыркы мезгилде ар башка жогорку эл аралык деңгээлде талкууланып жатат, тартип орнотуу үчүн өлкөгө НАТО аскерлери да киргизилген, бирок карапайым калктын турмушу оңолуудан алыс. Бийликке наарызы болгон жаштар Талибан кыймылынын катарына өтүп кетип жаткан учурлар көп.

Эл аралык Кызыл чырым уюмунун айтымында, акыркы апталарда Ооганстанда Талибан кыймылынын калдыктары кайрадан баш көтөрүп, азыр өлкө аймактарынын жарымынан көбүндө ээлик кылууда. Анын жоокерлерине каршы өкмөттүк күчтөр менен кошо эл аралык аскерлер дагы аракеттенгенине карабай, уюмдун катарындагы жоокерлердин саны өсүүдө. Анын себептери катары жергиликтүү адамдар - бийлик өзү коррупцияга терең батканын айтат.

Бийликтен адилеттүлүк таппагандар айласыздан Талибан кыймылынын аскерий топторуна кошулуп кетүүдө, натыйжада - өлкөдө тынчтык качан орной турганы белгисиз: "Эч кандай тынчтык жок - бир жагында өкмөт, башка жагында Талибан. Бир нерсе көтөрүп баратсаңыз, аны көчөдө бирөө тартып алат. Карапайым адамдар эки жактан тең өлтүрүлүп жатат", - дейт Гелманд провинциясынын Мухаммад Таяб деген тургуну.

Өкмөт ар бир жыйында - коопсуздук орнотобуз, коопсуздук биздин негизги максат дегени менен, абал оор бойдон калууда дейт карапайым адамдар: "Коопсуздук жөнүндө сөз да кыла албайсың. Коопсуздук болгондо, биз баарыбыз бир тууган болуп туруп, бир-бирибизди өлтүрөт белек? Он миң же беш миң афгани үчүн адамды өлтүрүп кетишет. Мен сизди өлтүрө алам, сиз мени өлтүрө аласыз, эч ким ага жооп бербейт. Коопсуздук болгондо, биз мындай абалга жетпейт болчубуз", - дейт өзүн Бисмилла деп тааныштырган жигит. Беш миң афгани - жүз доллардын тегерегинде.

Айрымдардын айтымында, жогорку жакта бийлик, балким, коопсуздук үчүн күрөшүп жатат, бирок алар өз көзү менен көргөн жергиликтүү турмуш көп үмүт жаратпайт: "Ким эмне кааласа, ошону кылып жатат, текшерүүдөн эмне керек болсо алып өтсө болот. Кечээ күнү мен өзүм көрдүм, баңги заттарына толгон машине текшерүү түйүнүнөн өттү, ал жердеги полиция болгону он рупия алып, машинени өткөрүп жиберди", - дейт Лал Мухаммед деген фермер. Бир доллар 60 рупияга барабар.

Үмүтүн үзгөн адамдар эптеп жан багуу үчүн апийим өстүрүп, баңги заттарын сатуу иштерине аргасыздан аралашат. Ооганстанда азыр дүйнө апийиминин 90 пайызынан ашыгы өндүрүлөт. Абал качан оңолоору жөнүндө карапайым элдин башы маң: "Мен көп жергиликтүү адам менен жолугуп сүйлөштүм, азыркы тартип аларга жакпайт жана айрымдар - каапыр Советтик армия учурунда дагы мынчалык жаман болгон эмес дешет", - дейт жергиликтүү журналист Хусаин Шариатар.

Айрым ооган жана батыш саясатчылары болсо акыркы мезгилде - өлкөдө кандайдыр бир тартип орнотуу үчүн, мындан алты жыл мурда америкалык аскерлер тарабынан талкаланып, бийликтен кулатылган Талибан кыймылы менен дагы сүйлөшүү өткөрүш керек деп айта баштады.

XS
SM
MD
LG