Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 13:36

К. БАКИЕВ КИШИ БАШЫНА 100 КГ БУУДАЙ ӨНДҮРҮҮНҮ БУЙРУК КЫЛДЫ


Өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин 1-октябрда Балыкчы шаарында болгон иш сапарында экологияга, айыл чарба жана өндүрүштүк тармакка басым коюлду. Бирок көпчүлүк эл социалдык маселелер ачык айтылбагандыгын белгилешти.

Балыкчы шаарынын маданият үйүнө чогулган Тоң, Ысыккөл райондорунун жетекчилери мекеме жана чарба башчыларына президент Курманбек Бакиев референдумга коюлган мыйзам долбоорун учкай гана айтып өтүп, облустун айыл чарба тармагын жакшыртууну белгиледи:

- Быйыл эгинди жана картошканы облус жылдагыдан аз өндүргөн. 27 миң тонна буудай 433 миң калкы бар аймакка аздык кылат. Киши башына 62 килограммдан туура келет, - деди ар бир кишиге 100 килограммдай буудай өндүрүү зарылдыгын чечмелеп кошумчалаган Курманбек Бакиев.

Расмий маалыматтар боюнча Ысыккөл облусунда жалпы 11 миң гектар жер айдоо аянты бош калган. Дыйканчылыкка маани бербей, көлдү киреше табуунун оңой жолу катары пайдаланган фактылар келтирилип, экология маселеси да айтылды.

Талапка жооп бербеген эс алуу жайлар үчүн жергиликтүү бийлик кызматтан кетээрин да президент эскерте кетти:

- Губернатор, акимдерге айтып коеюн, эмки жылы сезон башталгандан кийин мен сөзсүз өкмөттүк комиссия жөнөтөм. Эгерде ошондо кайсы бир райондун аймагында тазалоочу системасы иштебеген, экологиясы бузулган, көлдү булгаган үй, же пансионат, же коттедж болсо, анда аким кызматтан кетет.

Курманбек Бакиев ошондой эле Кумтөр жаңы келишими боюнча облуска жылына 3 млн. доллар бөлүнүп турарын маалымдады.

Жарыш сөзгө “Данко” өкмөттүк эмес уюму, “Реформа үчүн” кыймылынын өкүлдөрү чыгып, Жогорку Кеңешти партиялык тизме менен кайра шайлоо, оппозициянын пикет, митингдерин токтотууга мезгил келгенин билдиришти. Жолугушууга келгендердин дээрлиги референдумга бараарын, Курманбек Бакиевди колдоорун да убада беришти. Бирок бул жыйынга кирбей сыртта калган жергиликтүү тургундар ундун, дан-азыктарынын кескин кымбатташын, кышка көмүр маселеси курч боюнча турганы айтылса болмок деп, төмөндөгүдөй нааразылыгын билдиришти:

- Бир жылда 1-2 жолу келеби президент. Жалпы эл президент менен жолугуп, болгон оюн айтып, президент чечип берсе деген жакшы ой менен келгенбиз. Ага жеткирбей, чоңдордун ортосундагы болгон нерсе болуп атат. Жаман жагын айттырбай эле, жакшы жагын чыгарган бул акыйкаттык эмес го деп ойлойбуз, - деди Чолпоната шаарынан атайын 60 кишиден өкүл болуп келип, бирок президентке жолуга албай кетип баратканына кейиген Анара Мусаева.

Ал эми Курманбек Бакиев 2-октябрда Ысыккөл районуна иш сапарын улап, 15 жыл бүтпөй турган мектептин ачылышына күбө болот. Андан ары Каракол жана Аксуу райондорун кыдырат.

XS
SM
MD
LG