Парламент бүгүн Конституциялык Соттун ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Азимбек Бекназаровдун отчетун угат. Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султановдун билдиргенине караганда, бул маселе күн тартибине кезексиз киргизилди. Депутаттык комиссия мындай комиссияны Конституциялык Соттун ноябрь, декабрь баш мыйзамдарын жокко чыгаргандан кийин, 18-сентябрда түзгөн. Мурда болжолдонгондой, отчет кечээ угулган жок. (BuS)