Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

ӨЛКӨ КЫМБАТБЫ, БӨЛКӨ КЫМБАТБЫ?


К. Бакиев жолгушууга барган сайын суроолорго жооп берип жатып, азык-түлүктөрдүн кымбатташын дүйнөлүк тенденцияга шылтай салууну адат кылып алды. Ал эми Акүй атка минерлери ундун кымбатташына дароо эле казак тарапты ала жыгылышат. Президент болсо адатынча референдум өтөрү менен экономикабыз көтөрүлөт деп сүйлөөдө. «Көтөрүл!» десе эле көтөрүлө бергендей, «Тур!» десе эле туруп кеткидей экономика деген үйрөтүлгөн ит эмес да деп жазган «Белый пароход» гезити кезинде эгин баскан Чүйдүн талаалары революциянын шылтоосу менен жер басып алуучуларга таратылганын, бул өңдүү «революционерлер» эми эч качан ал талааларга буудай айдабастыгын, алардын түнү менен тургуза салган саман үйлөрүнө таңы менен «сатылат» деген жарыя илинип каларын, ошентип Бакиевдин башкаруусунан кийин баанын аңды-дөңдү карабай өсүшү менен бирге эле алып-сатарлардын армиясы да эки эселеп өскөнүн, Чүйгө агылып келип аткан мигранттар базарларга, өзүлөрүнө ыңгайлуу жайларга гана орношуп, алып-саткандан бөлөк эчнерсе кылбай калганын, алар алып-сатар гана массага айланганын, ал эми президентке от күйгүзө албаган, ок теше албаган гана Конституция керек экендигин кеп кылды. Ушул эле гезит… өмүр бою таза жашап, эптеп тапкан айлыгына жашоосун өтөп, өп-чап пенсия алып, нан менен сууга топук кылып, анан акыр аягында дөмпөйгөн бир кунарсыз бейитке айланып кала берүүчү карапайым маркумдун катарында, көчөлөрү наркобарондордун аттарына коюлуп, кылмыш дүйнөсүнүн аталыктарына асыл таштардан айкелдер тургузулуп, алардын үзөңгүлөштөрү чет өлкөнүн саясатчыларын кабыл алып… анысын гезиттер менен телелер бүтүндөй Кыргызстанга көрсөтүп, пара алганды мектеп партасынан үйрөтүп жаткан, ата-энелердин бир кил кумшекер менен эки кил унга кантип сатыларын шайлоолор сайын жаңыртып даңазалап, келечекте адам тагдырын чече турган юрист-студенттери экзамен менен зачетун, депутаттар мандатын сатып алып жаткан Кыргызстанда кайдагы патриоттуулук, кайдагы тарбия деп жазды.

Революциянын мыйзамдары боюнча революциядан кийин азыркы парламенттин дароо отставкага айдаш керек болучу. Бири бирибизди аяп олтуруп бүгүн эми эмнеге келдик. Эчкимди жоопко тартууга мүмкүн эмес. Жоопко тартайын десең эртең эле оппоиционерге айланып кыйкырып чыгат. Мындай көрүнүш Акүйдөн тартып айылга чейин адатка айланды деп жазган «МСН» гезити алдыдагы референдум коомдо көп нерсени өзгөртөрүн Л.Жолмухамедованын макаласы аркылуу баяндады.

«Агым» гезити референдум аркылуу Конституция кабыл алына турган болсо А.Атамбаевдин өкмөтүнө ишеним көрсөтүлөрү арсар болорун, парламенттик шайлоодо Түндүк-Түштүк партиясы деп экиге бөлүнсөк Кыргызстанды кыйратып аларыбызды, Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министри И.Чудинов 2010-жылга чейин электрэнергиясынын 1 киловатт сааты 1 сом 20 тыйыдан болушу мүмкүн деп кыйытса, көз карандысыз эксперттер электрэнергиянын 1 киловатт сааты босогодо турган 2008-жылы -1 сом 20 тыйын, 2009-жылы-3 сом болорун айтып жатышканын кабарлады.

«Кыргыз туусу» гезити Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын төрайымы Клара Кабилова айым менен аңгемелешип, бир катар суроолордун башын ачууга аракет кылган. Жаңы төрайым референдумда добуш берүүчүлөрдүн колдоруна боек сүйкөлбөстүгүн, шайлоо системасы акимчиликтердин имараттарына жайгашканы менен админстративдик чаралар корүлбөстүгүн, кыскасы баары айкын, ачык, адилеттүү жана уюшкандыкта өтөрүн билдирген.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG