Анна Политковская Чеченстанга 50дөн ашуун жолу барып, ал жердеги кандуу окуяларды агын- ак, карасын кара деп тайманбай жазып чыккан. Анын аракетинин натыйжасында азыркы чечен бийлиги сындалып жана россиялык бийликтердин кылмыштуу аракетинин бети ачылып, 40 тан ашуун окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Политковская Чеченстандын азыркы Россиянын кол жоолугу - президент Рамзан Кадыровдун менчик жазалоо бөлүктөрүнүн зордук- зомбулугунун бетин ачып, жумуриятта өзүм билемдик менен кожоюндук кылып жаткан Кадыровду диктатор Иосиф Сталин менен салыштырганы бар.
Путин баштаган орус режиминин Чеченстандагы саясатын кескин сындоо менен журналист бир топ орус атка минерлерди өзүнө душман кылып алган. Чындыкты бетке айткан журналистти жок кылууга бир нече жолу аракеттер жасалган, бирок ал жасалган кол салуулардын баарында аман калган.
Былтыр 7-октябрь күнү белгисиз бирөөлөр Политковскаяга үйүндөгү лифттин кире беришинде ок атышкан, бул жолу кайраттуу аял ажалдан качып кутула алган эмес. Политковская 48 жаш курагында киши колдуу болуп, каза тапты.
Журналистти өлтүргөндөр жана өлтүрткөндөр ушул күнгө чейин табыла элек. Политковскаянын өлүмүн көпчүлүк анын журналисттик иши менен байланыштырат. Буга анын Кремлди Чеченстандагы саясаты үчүн кескин сындаганы негиз берүүдө.
Августтун аяк ченинде Россиянын баш прокурору Юрий Чайка журналисттин өлүмүнө Москвада иштеп жаткан чечен кылмыштуу тобунун тиешеси бар экенин жана буга байланыштуу 10 киши, анын ичинде федералдык коопсуздук кызматынын жогорку даражалуу офицерлерлери камакка алынганын жарыялаган. Анын айтымында, чет өлкөдөн башкарылган бул киши өлтүрүү Владимир Путиндин абройуна шек келтирүү үчүн жасалган жана ага сүргүндө жашап жаткан олигарх Березовскийдин да тийешеси бар.
Бирок көптөгөн байкоочулар менен журналисттер мындай маневр менен Кремль журналисттин өлүмүнө чыныгы себепкер болгон фактылардан коомчулукту алагды кылгысы келип жатат дешет.
Политковская Путин бийликке келген 2000- жылдан бери киши колдуу болгон 13-журналист болду. Бул кылмыштардын биринин да бети ачыла элек жана бийлик буга таптакыр кызыкдар эмес экени айкын болду. Бирок Политковскаянын кесиптештери кайраттуу кесиптешинин ишин коркутуп- үркүтүүлөргө карабай улантууга ниеттүү.
-Биз корккон жокпуз, тилекке каршы беш журналистибизден айрылып калдык, аларды өлтүрүп кетишти. Албетте, бу бизге урулган сокку болду. Айрым ветерандарыбыз ал тургай гезиттерин жаап салуу жөнүндө да ойлонушту. Бирок буга жаштарыбыз болбой коюшту. Биз анын ишин башка адамдар менен улантууга аракеттенип жатабыз,- дейт "Новая газетанын" баш редакторунун орун басары Сергей Соколов.
Баян Жумакадыр кызы, Прага