Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 17:35

12:25 Финполициянын жанында Таразда соода кылган кыргыздар нааразылык билдиришүүдө


Казакстандын Тараз шаарында соода кылышкан алтымышка чукул кыргыз атуулдары үч күндөн бери Республикалык финансы полициясынын жанында нааразылык билдиришип, аталган кызматтан товар жүктөлгөн үч “КАМАЗ” автунаасын чыгарууну талап кылышууда. Алардын айтымында, Таразда соода-сатык кылышып жан багып жүргөн 400 чукул кыргыз атуулдары “Дордой” базарынан ар кандай товар алышып, үч “КАМАЗга” жүктөп Таразга жөнөтүшкөн. Он күн мурда Финансы полициясынын кызматкерлери мыйзамсыз ташылып бараткан жүк катары автунааларды камакка алышкан. Соодагерлердин көпчүлүгү үстөгү менен карыз алышып, товар алышканын айтышып, финполициянын иш аракеттерине нааразы болушууда. Ал эми финполиция бул иш сотко ашырыларын, маселеге сот чекит коерун айтышууда. Соода-сатык кылгандар талаптары аткарылбаса эртең өкмөт үйүнүн жана Жогорку Кеңештин жанында нааразылык акциясын өткөрө тургандыктарын билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG