Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

Ооганстанда талибдер алыскы район борборлорунун бирин ээлеп алды.


Окуя өлкөнүн борбордук Газни провинциясында мурдагы түнү орун алды. Бийлик өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, жүздөгөн согушкерлер ал жерге артиллерияны жана ракеталарды колдонуу менен чабуул коюшкан. Аймакка армиянын жана полициянын кошумча күчтөрү жөнөтүлдү. Бул аралыкта НАТОнун ООганстандагы командачылыгы өлкөнүн түндүк провинциялардан башка аймактарында талибдерге каршы жаңы операция баштаганын кечээ жарыялады. Памир деп аталган аскерий операция жазга чейин созулуп, ага ооган аскерлери да тартылат.

XS
SM
MD
LG