Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

КЕЧЭЭ АЙТКАН БҮГҮН ЖОК ЗАМАНБЫ?


«Лица» гезити агездеги президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр К.Бакиевдин телевизор аркылуу калкка кайрылуусунан комментарийсиз үзүндү жарыялады. Президент мындан эки жыл мурдагы же 2005-жылдагы кайрылган сөзүндө: «Конституция кандай болушу керектигин эл өзү, эл шайлаган Жогорку Кеңеш чечүүгө тийиш. Элдин кызыкчылыгы менен ишенимдерине көз боемочулук кылуу жолу менен каалаган суроолорун өткөзүп алууну көздөгөн ар кандай бүткүл элдик референдумдарды өткөрүү практикасын жана анын тарапкерлеринин демилгесин токтотуш керек» деп айткан.

Эшикте эл керектөөчү товарлар кутургандай кымбаттап барат. Бийлик болсо муну дүйнөлүк тенденцияга шылтоодо, сиздин буга карата пикириңиз деп кайрылган «Де-факто» гезитинин суроосуна Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов, бул деген бийликтин иши коомчулукка пайда бергидей жыйынтык алып келбей жатат деген сөз. Мамлекет деген четке чыгып алып карап туруп, баарын дүйнөлүк тенденцияга шылтай бербеши керек. Өлкөдө азыр өтө курч, жан кейиткен абал толуп кетти. Бийлик бийликти жер-жерлерге бөлүштүрүп борбордон алыстатмайын өлкө оңолбойт. Азыркыдай эле башкаруу менен бара берсе эл бийликти 24-марттагыдай отурган ордунан алып таштайт. Жаңы Конституцияны кабыл алмакчы болгону да бийликтин кадыр-баркын түшүрүп жатат. Жаңы Конституция кабыл алынса эле баары оңолуп кетет деген сөз маңыроолук деп айтты. Гезит ошондой эле жума башында президент К.Бакиев Ысык-Көлдүн Чоң Өрүктү айылындагы мектеп ачылышына барганда көлдүн чоңдору карапайым калктын баанын кымбатташы жөнүндө айталы дегендерин айттырбай, берели деген суроолорун бердиртпей койгонун, Т.Усубалиевдин «Ушакчыларга жооп» деген макаласын, «Ак шумкар» патриясынын теңтөрагасы Б.Бешимовдун интервьюсун, Д.Үсөновдун икаясын, Кара Кече тууралуу «Беш Сары» фирмасынын кожоюну К.Жолдошбаевдин жообун жарыялады.

Бишкекте тандыр нандын жыты азая баштады. Алар биринин артынан бири жабылууда. Анткени киреше бербей калды… деп жазган «Общественный рейтинг» гезити, маселен 1 мүшөк ундан орто эсеп менен 250 тандыр нан жасалса, аны 7 сомго көбөйткөндө эле 1750 сом болорун, наабайчылар мурун дурус пайда таап келишсе, азыр бир мүшөк ундун баасы эле 1800 сомго чыккандыктан тандыр нан жасоонун өзү да маанисин жоготконун, болжол менен алганда Бишкектеги 700 тандыр нан жасай турган жайдын жарымы жабылганын, бир аз убакыттан кийин тандыр токочтун баасы 20 сомго чыгааарын, наабайчылар мына ушуну күтүп жатканын кабарлап, ушундай эле көрүнүш Ошто да болуп атканын, кечээ эле 50-55 сомдон болгон өсүмдүк майы бүгүн Бишкекте 90 менен 100 сомду тегеренип, Ошто 120 сомду чапчып, ал эми бир мүшөк ун 2000 сомго жеткенин жазды «Тандырдын тамамы» деген макаласында.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG