Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

18:48 Араван районундагы жер титирөөдөн үйлөр кыйроого учурады


Эки күн мурдагы күчү 5 жарым баллга жеткен жер титирөөдөн беш турак жай кыйрап, дагы беш чарбалык курулуш талкаланганы белгилүү болду.
Кырсык туурасында кабарлаган район акими Шамил Артыков сегиз айыл өкмөтүндө көпчүлүк үйлөрдөн жарака кеткендигин, жалпы чыгым эсептелип бүтө электигин кысарууга үлгүрдү. Ош облусунун башкы архитектору Апсамат Матраимов аймактагы айыл өкмөттөрүндө генплан жок, ошондуктан үйлөр эптеп салынып, табигый апааттарга туруштук бере албай жатат деп кейип-кепчиди. (ATo)

XS
SM
MD
LG