Бүгүн Таймс гезитинде жарык көргөн катка 60тан ашык белгилүү атуулдар кол коюшту. Алардын арасында Нобель сыйлыгынын түштүк африкалык лауреаты Десмонд Туту, британиялык драматург Хэролд Пинтер, америкалык актриса Сюзан Сарадон жана Франциялык ойчул Бернард-Хенри Леви өңдөнгөн ишмерлер болду. Чечен жаңжалы боюнча Кремлди көп сындаган журналист Анна Политковскаяны былтыр 7-октябрда үйүнүн алдынан атып кетишкен.