Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

БАКЫДА МОЛДОНУ СОТТОП ЖАТЫШАТ


9-октябрда Азербайжандын баш калаасы Бакыда Ирандын жардамы менен Азербайжандын мыйзамдуу өкмөтүн жана саясий түзүлүшүн төңкөрүүгө камылга көргөн деп шектелген 16 кишинин үстүнөн сот иши башталды. Бул адамдарга Ирандын революция сакчыларынын жардамы менен машыгуудан өтүп, Ирандын чалгындоо мекемеси менен кызматташып, Азербайжанда шариат мыйзамдарын орнотууну көздөгөн деген кине тагылып жатат.

Жабык эшик артында өтүп жаткан сот процессинде молдо Саид Дадашбейли "Түндүк Махди Армиясы" деп аталган топту жетектеп, Азербайжандын мыйзамдуу шайланган өкмөтүн төңкөрүп, шариат мыйзамдарын орнотууга ниеттенген деп айыпталып жатат. Мамлекеттик айыптоочулардын айтымында, алар Иранга кайрылып, өлкөнүн революция сакчыларынын жашыруун аскердик канатынын материалдык колдоосу менен машыгуудан өткөн. Соттор процесстин жабык өтүп жатканын Иран менен Азербайжандын ортосундагы мамилелерге доо кетиргиси келбей жатканы менен түшүндүрүп жатышат.

Прокуратуранын айыптоосу боюнча, Дадашбейли жетектеген топ ошондой эле Ирандын чалгындоо мекемесине АКШнын жана Израилдин Бакыдагы элчиликтери жөнүндө маалымат берип турган.

Дадашбейлинин адвокаты Элчин Гамбаровдун айтымында, анын клиенти коюлган айыптоолорду саясий оюн катары сыпаттап, мамлекеттик төңкөрүш жөнүндө эч качан сөз кылбаганын маалымдады.

-Прокуратурада Дадашбейлинин Ирандын чалгындоо кызматы менен байланышы бар экенин тастыктаган бир да факты жок, бул негизсиз айыптоо кайдан- жайдан эле алынган
,-деди Гамбаров.

Ошону менен бирге прокуратура тергөөнү адаштыруу максаты менен топтун мүчөлөрүнө куралдар, сигареттер менен маң заттар берилгенин айтууда.

Дадашбейли таасири күч алып бараткан диний аалымдардын бири, билимдүү, беш тилде эркин сүйлөй алат, ата - энеси азери ортоңку классынын адамдары. Азаттыкка берген маалыматында анын энеси Катаба уулу жайында Ирандын Машад ыйык шаарында чын эле барып келгенин, бирок ал Азербайжандын батышты багыт туткан мамлекет болуусун көксөгөн адам экенин айтты.

Бакыда башталган сот процесси азери коомчулугунда ар кандай талкууларга түрткү берди. Коомчулукта айтылып жаткан пикирлердин арасында бул окуяны Американын Жашыруун Чалгындоо кызматынын директору Майкл Хайдендин Бакыга келип кеткени менен байланыштырып, Иран Азербайжандын ишине кийлигишип жатат, деген ойго Американын чалгындоо кызматы тамызгы койгон болуу керек, деген көз караштар да бар.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG