Октябрь айынан баштап Тажикстан электр-энергияны бөлүштүрүүнүн кышкы графигине өттү, ага ылайык үйлөргө жана мекемелердин көпчлүгүнө электроэнергия эртең менен жана кечинде эле берилет. Бул графикке ооруканалар, мамлекеттик имараттар жана стратегиялык маанидеги обьекттер гана киргизилген эмес. Мындай бөлүштүрүү графиги жарандардын күнүмдүк жашоосуна эле эмес, алардын иштеген ишине да терс таасир тийгизери бышык. Ходженттеги университеттин профессору Гүлчахра Дехгонова мындай дейт:
-Мен эртеңки лекцияларга даярданып, кошумча материал окуп, эң акыркы жаңылыктар жөнүндө кабардар болуп туруум керек. Азыркы жагдайда бул таптакыр мүмкүн эмес болуп калды.
Тагдырдын тамашасыбы, Тажикстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен энергия ресурстарына эң бай өлкө. Ал жылына 300 миллиард киловат саат электроэнергия өндүрүүгө кубаты жетет. Бирок республика жылына алты айдан электр энергиясыз отурат.
Тажикстандын өкмөтү мунун өлкөдө өндүрүлүп жаткан электр энергиянын кеминде теңи алюминий заводун иштетүү үчүн сарпталып, ошондон улам калктын керектөөсү канааттандырылбай жатканы менен түшүндүрөт. Өткөн кышта электростанцияда жүргүзүлгөн техникалык иштерге байланыштуу Душанбе шаары эки апта бою жарыксыз калган.
Ушул айдын башында президент Имомали Рахмон электроэнергия таңсыктыгы Түркмөнстандан 1 миллиард 200 миллион киловатт саат электроэнергияны импорттоо менен жабыла турганын билдирди. Бирок тажиктер бул планга анчейин ишеним артпайт, анткени өмкөт мурда ушундай эле келишим түзүп, электроэнергияны Кыргызстандан Өзбекстандын аймагы аркылуу импорттомок болгон. Бирок ал убадасынын өтөлүнө чыга алган эмес жана анын себептери жалпыга жабык бойдон калган.
Энергия керектөөсүн канааттандыруу максаты менен Тажикстан өзүндөгү станцияларды кеңейтип, оңдоп жатат.
-Декабрьда россиялык инвестицияларга курулуп жаткан Сангтуда 1- электростанциясы энергия бере баштайт. Ноябрдын орто ченинде Йовон электростанциясы оңдолуп бүтүп, ишке киришет. Душанбе электростнациясы да кеңейтилүүдө,-деп айтты тажик парламентинин депутаты Исомиддинов.
Бирок ызгаардуу кыштан, көзгө сайса көрүнгүс караңгыдан жалкыган тажиктер баары бир кышка камылга көрүп, шам, билик, май чырак менен шишелердин запастарын камдап жатышат. Көп кабат үйдөгүлөрдүн балкондоруна көмүр ташып, отун жыйып алып жаткандарын көрүүгө да болот.
Баян Жумакадыр кызы, Прага