«Лица» гезити «Максим Бакиевдин чоң досу» деген макаласын жарыялап жатып, «Кыргызстанга «Б» тамгалуулар эч жакшылык алып келбейт» деп айткан депутат Муратбек Мукашевдин сөзүн келтирүү менен бечара өлкөгө дагы бир «Б»- Белоконь деген латыш ишкери пайда болгонун, «Манас» аттуу банк ачканын, ал орус бийлиги издөөгө алган дүйнөлүк олигарх Б.Березовскийдин досу экенин, эң кызыгы ошол орустар таппай жүргөн Березовский өткөн жылдын 29-июнунда «Лондон-Бишкек» каттамы менен Бишкекке учуп келип… айрым бир такталбаган маалыматтар боюнча президент К.Бакиевге жолугууга жөнөгөнүн, баса аны аэропорттон Максим Бакиев менен чегара кызматынын орунбасар төрагасы З.Кудайбердиев тосуп алганын, 5-телеканал Белаконго таандык экендигин… жана башка, жана башка жактарын кенен кеп кылды. Макаланын автору К.Бакиев Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкекте өткөн саммит учурунда Путин менен Кытай мамлекет башчысына Американын аскер базасын Кыргызстандан чыгарууга ант бергени ушу кезде өлкөнүн чегинен сырткары да белгилүү боло баштаганын, Орусиянын Федералдык Коопсуздук Кызматы «Содружество» партиясы менен оппозицияны каржылай баштады деген айың күчөгөнүн, андан да Кыргызстандагы баалардын өсүшүн Бакиевди анча сүйө бербеген Кремль жасап жатыптыр деген имиштер барын, ошондуктан Маскөөдөн буудай сураганы учуп барган А.Атамбаевдин орус өкмөт башчысы Зубков менен сүйлөшүүсү болбой калганын, Маскөө Атамбаевди кабыл алуудан баш тартып коюп эле тим болбой сыртка чыгара турган буудайынын баасын көтөрө салганын, демек Орусия Кыргызстанга-бир боор Эне боло албастыгын… ал эми алдыда кынсыз кылыч байланып Кыш келатканын баяндады.
«Де-факто» гезити менен баарлашкан белгилүү коомдук ишмер Муратбек Иманалиев, бийликтин референдум өткөрүүгө аттанганы стратегиялык жактан туура эмес кадам болгонун, президент өзү сунуштап аткан Конституцияда аткаруу бийлигинин функцияларын да өзүнө алып алганын, Кыргызстанда сот бийлиги президент админстрациясынын бир бөлүгү болуп калганын, ал Акүйдүн гана айткан-дегенин аткарарын, Бакиев система түзө албай Акаевдин каталарын кайталап жатканын, бийликти үйбүлөсү, урук-тууган, жакындары колго алганын, ага Гарвард университетин бүтүп келген кадрдан көрө Оштон же Нарындан технукумду бүткөн тууганынын баласы артык экенин айтып келип, аны баарынан да Кыргызстандын демографиялык абалы тынчсыздандырарын, анткени жарым жылда 20-45 жашка чейинки алдуу-күчтүү 40 миңдей адам бөтөн өлкөлөргө көчүп кетип атканын кабарлады.
Ушул эле гезит А.Атамбаевдин Акүйгө барышындагы тарыхый миссия бир гана оппозициянын далысына бычак сайуу болгонун, бул миссия эми аткарылып бүтүп, Акүй андан кутулуунун жумшак жолун издеп баштаганын, Атамбаев өзү болсо жаналакетке түшүп:
- Сизди эми гана түшүндүм, Курманбек Салиевич, таптакыр сизди түшүнбөй жүрүптүрмүн,-деп тост көтөргөнүн… Кыскасы Атамбаев өндүрүштү көтөрмөк турсун өтө чабалдыгын көрсөткөнүн, эми аны менен кошо бир катар министрлер кызматынан шыпырыларын, баса парламент тарары менен депутат Мелис Эшимканов мамлекеттик катчы болот экен деген жоромол барын жазды.
«Апта» гезити Кыргыз эл артиси Саламат Садыкова менен баарлашты. Атактуу ырчы жакында саясый жактан да, жөнөкөй атуулдук жактан да терең ою, таза позициясы, тунук көз карашы менен суктандырган Өмүрбек Текебаевдин «Ата Мекен» партиясына мүчө болгонун, филармониядан эмне үчүн сүрүлүп калганынын себептерин, айрым атка минерлерге караганда алты дубандын батасын алган кыз экенин, «Ата Мекенге» жеке кызыкчылыгы менен эмес, улут кызыкчылыгына кызмат кылуу үчүн өткөнүн айтып берди.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ