Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

ИРАКТЫН ТҮНДҮК АЙМАКТАРЫНА ТҮРКИЯ ЧАБУУЛ БАШТООГО ДАЯР


Нарын АЙЫП, Прага Түркия менен Ирак чек арасындагы абал курчуп баратат. Күрд согушкерлери акыркы мезгилде Түркиянын аймагына чабуул жасагандыктан, Анкара аларга каршы аскерий аракет көрүүгө даярданып жатат жана чек арага аскер топтой баштады. Ирак өкмөтү, Орусия, Европа Биримдиги жана башка мамлекеттер Анкараны карманып турууга чакырууда.

28-сентябрда Ирак менен Түркиянын ички иштер министрлери терроризмге каршы күрөштө кызматташуу боюнча атайын келишимге кол койгон. Көп жылдардан бери Анкара - Түркиянын аймагында ар башка террордук аракеттерди уюштуруп жаткан Күрд жумушчу партиясынын жоокерлери Ирактын түндүгүндөгү тоолордо жашынууда деп, Багдаддын аларга каршы аракет көрүшүн талап кылып келген.

1990-жылдарда Түркия армиясы андай согушкерлерди кубалап, Ирактын аймагына кирип барган учурлар да болгон, жаңы түзүлгөн келишим боюнча Түркия мындан ары андай кылбаш керек, Ирак болсо өз аймагында кеңселери бар Күрд жумушчу партиясына каршы аракет көрүүгө тийиш.

Бирок акыркы күндөрдө Түркиянын чыгыш аймактарында кеминде эки ири куралдуу кагылышуу болду, алардан 26 түркиялык жаран набыт кетти деп айтылууда. 7-октябрда белгисиз согушкерлер 13 түркиялык адамды өлтүрүп кетти жана Анкаранын айтымында, алар күрд террорчулары болчу.

Түркия армиясынын аскерий ордосунун башчысы генерал Ясар Бүйүканит көптөн бери - өлкө чыгышындагы андай чабуулдар үчүн жооптуу жана Ирактын аймагына улам качып кетип жаткан согушкерлерге каршы ири чабуул уюштуруш керек деп келген, премьер Режеп Тайып Эрдоган ага каршы болчу.

Бирок акыркы окуялардан кийин Эрдоган дагы аскерий аракет көрүү планын колдой баштады жана өкмөт ал жөнүндө атайын сунуш даярдады: "Биздин эрежелер боюнча, өкмөттүн сунушу парламентке жөнөтүлөт. Мен жана менин жардамчыларым ал сунуштун үстүндө иштеп жатабыз, мен аны дагы бир жолу карап чыгам жана биз аны парламентке жиберебиз", - деди Эрдоган 10-октябрда.

Чек арада топтологон аскерлер - террорчулар жашынууда деп эсептелинген жерлерди артиллериялык бомбалоого да ала баштады, Батыш мамлекеттери болсо Анкаранын пландарын сынга алды: "Мындай чабуул жасалса, - ал жөнүндө азыр көп айтылып жатат, - эгер Түркиядан Ирактын аймагына андай кеңири чабуул уюштурулса, регионго ал бейстабилдүүлүк алып келет. Биздин оюбузча, Түркия менен Ирак маселени чогуу чечиш керек. Түркия менен Ирактын өкмөттөрү кызматташып, коркунучту жок кылууга аракеттенгени жакшы. Биз эки тарапка тең жардам көрсөтүүгө даярбыз жана маселе үстүндө иштеп жатабыз. Бир тараптуу чабуул жасагандан маселе чечилбейт", - деди АКШ Мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Шон Маккормак 10-октябрда.

3-октябрда Европа парламенти Анкарага - күрд маселесин саясий жол менен чечүүнү сунуштады, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 10-октябрда түрк өкмөтүнө кайрылып, аскерий аракеттерден карманууга чакырды.

АКШ Конгресси болсо 10-октябрда атайын чечим кабыл алып, ХХ-кылымдын башындагы Түркия өкмөтү тарабынан армяндарга каршы көрүлгөн аракеттерди геноцид деп тааныганы Вашингтон менен Анкара ортосундагы мамилелерди татаалдантты. Сентябрда Конгресс Иракты федерацияга айлантуу демилгесин колдогон, эгер андай план ишке ашса, Ирактын түндүгүндө жашаган күрддөр дээрлик эгемендүүлүккө ээ болот жана, Анкаранын пикиринде, Түркиянын күрд проблемасы ого бетер күчөйт.

XS
SM
MD
LG