Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында премьер-министр Алмаз Атамбаев бажы төлөмдөрүнүн кымбаттыгынан Кыргызстандын тигүүчүлөрү тиккен кийимдерди Орусияга өткөрүүдө проблемалар пайда болгонун билдирди.Ал ошондой эле өлкө аймагындагы уран калдыктары көмүлгөн жайлардагы оор абалга жана аны кайра иштетүү маселесине да токтолуп, өлкөдө туризм боюнча толук мүмкүнчүлүктөр колдонулбай жатканын белгиледи. (AJ)