Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 11:30

Орусия жана АКШ Москвадагы сүйлөшүүлөрдө мунаса таба алган жок


Бул тууралуу бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн соңунан орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. АКШнын ракетадан коргонуу боюнча системасынын жабдууларын Чыгыш Европада жайгаштыруу планына байланышкан пикир - келишпестиктерди талкуулоо үчүн Москвага Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс менен коргоо министри Роберт Гейтс келген эле. Сергей Лавровдун айтымында, Орусия эки тараптын эксперттеринин бул багыттагы иши натыйжалуу жүрүшү үчүн Кошмо Штаттар ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Чыгыш Европада жайгаштыруу планын тоңдуруп турушу керек деп эсептейт.

Орусия АКШнын планын өзүнө коркунуч катары кабыл алууда. Мурдараак орус президенти Путин Чыгыш Европада орнотулуучу жабдуулардын ордуна Орусия Азербайджанда ижарага алган радарды биргелешип пайдаланууну сунуш кылган. АКШ коргоо министри Роберт Гейтс алардын ракетадан коргонуу боюнча системасы Орусияга каршы багытталбаганын белгилесе, Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс Вашингтон сүйлөшүүлөрдү улантарын билдирди.

Бүгүн алар менен жолугушуу учурунда президент Путин кансыз согуш доору учурунда кабыл алынган, кыска жана узак аралыктагы ракеталарды чектөө боюнча эки тараптуу келишим башка өлкөлөргө да жайылтылпбаса, Орусия андан чыгып кетиши мүмкүн экенин айткан.

XS
SM
MD
LG