Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

АФИША: ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бул жумада улуттук филармонияда СССРдин эл артисти, КРнын баатыры Асанкан Жумакаматовдун 85 жылдык мааракесин утурлап, жана чыгармачылыгынын 70 жылдыгына арналган концерт өтөт.

21-октябрда улуттук филармонияда төкмө акын, КРнын эмгек сиңирген артисти Токтосун Тыныбековдун 80 жылдыгына арналган эскерүү кече өтөт. Бул кечени “Айтыш” коомдук фонду уюштурууда.

21-октябрда ошондой эле Бишкекте Татарстандын эл артисти Евгений Михайловдун жеке концерти болот. Концерттен тышкары улуттук консерваторияда Евгений Михайловдун устаттык сабак өтөөрү күтүлүүдө.


19-20-октябрда Талас жергесинде атактуу манасчы Сагынбай Орозбаковдун 140 жылдык, Шаабай манасчынын 80 жылдык мааракелерине арналган алтай элдеринин эпикалык мурас салтанаты өтөт. Ага бир катар өлкөлөрдөн өкүлдөрдүн келеери күтүлүүдө деп кабарлады уюштуруу комитетинин төрагасы Дастан Сарыгулов.

Ал эми фестивалдын алкагында өнөрпоздордун концерти тартууланып, экинчи күнүндө бүркүт, тайган салуу өнөрлөрү көрсөтүлөт. Салтанаттын аягында төрт мамлекеттин илимпоздорунун катышуусунда илимий жыйын өтөт.

Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театры бул жумада Ян Теттердин “Дубал” спектаклин көрсөтөт. Ал эми улуттук опера жана балет театрында Италия композитору Джузепе Вердинин “Аида” операсы жана француз композитору Адольф Адандын “Джизель” балети коюлат.

Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде бул жумада кыргыз сүрөтчүлөрү Заур Хабибулин менен Владимир Зухиндин иштеринен турган көргзмө ачылат. Анда графика жанрындагы эмгектер жана айкелдер коюлат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG