Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Апрель, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 21:20

ТАЛАСТА ЭПОС АЙТУУЧУЛАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛЫ БОЛОТ


19-20-октябрда Таласта эпос айтуучулардын эл аралык фестивалы болот. Анын жүрүшү тууралуу, дегеле манас айтуучулардын учурдагы абалы жөнүндө “Азаттык” үналгысынын таңкы уктурууларында манасчы жана аталган фестивалдын катышуучусу Рыспай Исаков айрым суроолорго жооп берди.

-Рыспай мырза, 2 күндөн кийин баштала турган фестиваль кандай максатта уюштурулуп жатат жана ага кимдер катышары күтүлүүдө?

-Бул фестиваль эпикалык мурасты өнүктүрүү, андан сырткары Алтай элдеринин маданиятын бириктирүү максатында уюштурулуп жатат. Бул негизинен Сагынбай Орозбак уулунун 140 жылдык мааракесине жана комузчу Мейилкан Козубекованын 75 жылдык мааракесине арналып жатат. Уюштуруучулар улуттук дөөлөт мурастарын сактап калуу жана өркүндөтүү үчүн түзүлгөн “Теңир Ордо” коомдук фонду, Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын ассоциациясы, “Бакдөөлөт” коомдук фонду жана “Манас мурас” коомдук фонду.

-Фестивалга кайсы өлкөлөрдүн өнөр адамдары катышары күтүлүүдө?

-Алтай чектеш элдери келет. Алтайдан Аржан Кердибеков эпос айтуучу, Казакстандан экөө: Баян Арымжанов, экинчиси Акан Абдубалиев деген жигит. Тувадан келе тургандар бар. Ал эми Кыргызстандан 4-5 манасчы катышат.

-Манас айтуу өнөрү азыр кандай деңгээлде? Акыркы жылдары өзгөрүүлөр байкалабы?

- Манас айтуучулардын деңгээлин айта турган болсок, кыйла жылыштар бар. Элибизге белгилүү, баштары көрүнүп калган жаштарыбыз бар. Андан сырткары аз-аздан болсо дагы өкмөттүк эмес уюмдардан болсо дагы ушинтип көңүл буруулар болуп жатат.

-Манас айтуу өнөрү өзгөчө эмеспи жана учурда бул өнөрдү өнүктүрүү иши кандай болуп жатат?

-Биринчиден “Юнеско” уюмунун тизмесине киргенден бери, мына эки жылдан бери “Манас” эпосун өнүктүрүү боюнча атайын каржы которулуп, сабак өтүлүп жатат. Экинчиден “Манас Мурас” фонду жаңы ысымдарды табуу, аларды өнүктүрүү, устат-шакирт мектебин түзүү жыл сайын сынактарды өткөрүп жатат, жөн эле көздө жумуп эле айта бербестен кыймыл-аракеттерди, жандоолорду жана башкаларды үйрөтүүнүн аракетинде болуп атабыз.

-Рахмат.

Маектешкен Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек
XS
SM
MD
LG