«Бийликте турган кезде сизге эң оор маселе кайсы болду?»-деген суроого Путин: "жакырчылык менен күрөшүү болду," - деген.
Эл башчы ал Кремлде олтурганы ушуну менен алтынчы жолу эл менен баарлашуу өткөрүп, убада кылуу жасады. Аны «Россия» жана ОРТ сыналгылары, ошондой эле бир нече мамлекеттик үналгы каналдары, бир эле учурда жарыша тартып көрсөтүп, уктурушту.
Ырасмий билдирүүгө караганда орусиялыктарды бул жолу баарыдан мурда социалдык-экономикалык маселеттер, инфляция, маяна акынын аздыгы, кымбатчылык жана жакырчылык кызыктырган. Эл аралык саясатка тийиштиги бар суроолор жокко эсе болгон. Ошого карабай Украина менен алака түзүү үчүн кандай жол бар суроого жооп берип атып өлкө башчы КМШ жаатын да кеп кыла кетти:
«Мурда советтер союзу болгон өлкөлөр менен алаканы өнүктүрүү Орусия федерациясынын тышкы саясатындагы башкы маселелеринин бири болуп эсептелет» - деди.
Эл аралык чоң саясатка өткөн жеринде Ирактагы абалга өз баасын берди:
«Кошмо Штаттардын президенти, ал өлкөдөн эл аралык контингентти Ирактын жетекчилиги ички жагдайды башкара алган күндө гана чыгарып кете алат дегенге мен кошуламын. Бирок бул маселеде биздин мамиленин америкалыктардан айырмасы - чет элдик аскерлердин Ирак жеринде калуу мөөнөтүн так айтуу керек», - деди.
«Бирдиктүү Орусия» партиясынын тизмесин баштап шайлоого баратышына байланышкан суроого Путин, өлкөдө өз ишинде ийкемдүү Мамдума түзүп чыгуудан улам болуп атат деди. Ошол жерде ал бийликтен чындап эле кете тургандыгын да белгилей кетти:
«Бизде 2007-жыл менен 2008-жылы Мамдуманы да, президентти да шайлоо турат. Бул жерге, Кремлге башка киши келет. Ошондуктан бийликтин бараткан жолун мындан ары улантууну сактап калуу абдан керек», - деди.
Анализчилер чөйрөсү болсо, президенттин эл менен баарлашуусун чындыгында «Бирдиктүү Орусиянын» пайдасына үгүт жүргүзүү болду, бирок БКШ бүгүнкү күнгө дейре кремлдик ал партияны ырасмий тизмеге ала элек, экинчиден шайлоо башталды деген да жарыя чыга элек, ошондуктан эч ким Путинге мыйзамды буздуң деп кине кое албайт дешет. Ушул учурду эске алып атайылап жасалган үгүт дешет.