Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

17:00 Айрым аймактарда добуш берген жарандардын саны тууралуу ашыкча маалымат берилүүдө


“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын байкоочулары Жалалабат облусунда жарандардын Референдумга катышы чабал болуп жаткандыгын кабарлап жаткан учурда расмий маалыматтар саат 14:00 чейин облуста добуш берүү 55% ашып түшкөндүгүн билдирген. Кызылкыя шаарынын аймактык комиссиясы саат 16:00 чейин шайлоочулардын 83% добуш бергендигин кабарлаган. Ал эми көз карандысыз байкоочулар бул аймакта элдин Референдумга катышы төмөн болуп жаткандыгын белгилешти, деп айтылат коалиция тараткан маалыматта. “Референдумга байкоо жүгүртүү” комитети үкөккө бюллетендерди ашыкча, бир нечелеп салуу фактылары Бишкектеги №1053, 1103 –участокторунда катталгандыгын маалымдады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG